ВИКО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИ́КО (Vico) Жамбаттиста (23.6.1668, Неаполь – 23.1.1744, ошол эле жер) италиялык ойчул, кийинки Жаңы заман тарыхынын философия­сын негиздөөчү, азыркы культурологиянын ж-а гуманитардык илимдердин методологиясы­нын карлыгачы (кабарчысы). В. коомго, коом­дук турмушка ж-а көрүнүштөргө карата башка­ча көзкараш м-н, жалаң ил. ыкма м-н изилдөөгө алганда, коомдук-социалдык илимдердин ил. корутундуларынын аныктыгы, тактыгы да та­бият илимдериндей эле деңгээлде экенин да­лилдеген. Бирден бир анык илим деп матема­тиканы атаган Декарт м-н ушул темада тала­шып келип, жаратылыш дүйнөсүн Кудай жарат­кан, тарых дүйнөсүн – адам жараткан, экөө тең ил. изилденүүгө жатарын белгилеген. «Тарыхый айлампа» теориясын иштеп чыккан. Бул кон­цепцияга ылайык бардык элдер, улуттар өз өнүгүүсүндө өзүнчө бир циклдешкен үч улуу доорду басып өтөт: 1) к у д а й л а р доорун (мамл. эмес абал, кечилдерге баш ийүү заманын); 2) б а а т ы р л а р доорун (аксөөктүк мамлекет­тер заманын); 3) а д а м д а р доорун (демо­кратиялуу өлкөнү же өкүлдүк монархия зама­нын). Ар бир тарыхый доор өз өнүгүшүнүн эң жогорку баскычына жеткенден кийин кулайт, улуу кыйроолорго учурап, эң алгачкы абалына келет ж-а өз өнүгүүсүн кайра башынан баш­тайт. Тарыхта адамдардын жаратмандык иш­мердигине, коомдук өнүгүүнүн жүрүшүндөгү ро­луна орчундуу маани берип келип, алардын баа­рын Кудайдын кудурети м-н байланыштырган.