ВИКТОРИЯ (Улуу Британиянын королевасы): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИКТО́РИЯ 3 (25.5.1819, Лондон – 22.1.1901, Уайт а., Осборн) – Улуу Британиянын королевасы (1837–1901), 1876-жылдан Индиянын императ­рицасы. Ганновер династиясынын акыркы өкү­лү. Мамл. иштерде королеванын ролу анчалык жогору болбогондугуна карабастан, анын баш­карган жылдары «Виктория доору» аталып, анын тушунда Улуу Британия дүйнөдөгү индус­триялуу алдыңкы державага ж-а Британ импе­риясынын борборуна айланган. В-нын атынан Британ империясынын курамына кирген бир нече шаар, дарыялар, аралдар аталган.