ВИЛЛА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИ́ЛЛА (лат. villa – короо-жай, кыштак) – шаар сыртына курулган бак-дарактуу үйдүн бир түрү. В-лар б. з. ч. 3-кылымда Италияда пайда болуп, 2– 1-кылымда бүткүл Жерортолук деңиздин боюна тараган. Бул учурдагы В-лар туракжай ж. б. курулуштардан турган арх-ралык комплекстен түзүлгөн.


Кийинчерээк (империя доорунда) террасалуу, парк-павильондору бар В-лар салынган. 15–17-кылымда В. салуу Италияда өнүккөн. Кайра жаралуу доорунун орто ченинде башкы имараты – казиносу бар В. куруу салтка айланган. 19-кылымдан шаар сыртына же демалуучу жайларга салынган бак-паркы бар комфорттуу үйлөр В. деп аталат.