ВИЛЮЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИЛЮ́Й (якутча – Б и л ю) – негизинен Якутиядагы дарыя. Ленанын сол куймасы. Уз. 2650 км, алабынын аянты 454 миң км2. Ортоңку Сибирь бөксөтоосу ж-а Борб. Якут түздүгү аркылуу агып өтөт. Чернышевский кыш. тушта ГЭС ж-а суусактагыч курулган. Негизги куймалары: Чона, Улахан-Ботуобуя, Оччугуй-Ботуобуя (оң), Ыгыатта, Марха, Тюнг (сол). Орт. чыгымы 1480 м3/сек. Октябрдын ортосунан майдын орто ченине чейин тоңот. Чатынан 1371 кмге (суусактагычтан суу коё берилгенде Чернышевский кыш-на чейин) кеме жүрөт. Балык (осётр, таймень, ленок, нельма, чир) кармалат. Башкы порттору: Чернышевский, Нюрба, Вилюйск.