ВИНДХУК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИ́НДХУК – Намибиянын борбор шаары. Өлкөнүн борб. бөлүгүндө, деңиз деңг. 1650 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 277,3 миң (2006). Жолдор тоому. «Хосиа Кутако» эларалык аэропорту бар. Шаар 1890-ж. негизделген. Кафедралуу собор, немис форту, шаарды курчаган тоодо немис неоготика стилинде салынган 3 сепил ж. б. сакталган. Өлкөдөгү эң чоң китепканасы, Намибия ун-ти (1992), Политех. ин-т, Улуттук музей (1958), Улуттук иск-во гал., Зоология багы бар. Жыл сайын пиво фестивалы (октябрда Мюнхенде болуучу «Октоберфеста» фестивалынын аналогу) өткөрүлөт.

Каракөл көрпөсүн соодалоочу дүйнөдөгү эң ири борбор. Тамакаш (а. и. пиво кайнатуу, эт консервасы), тигүү, самын кайнатуучу, жыгаччылык, эмерек, машина куруу өнөржай ишканалары иштейт.