ВИННИПЕГ (шаар): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИ́ННИПЕГ – Канаданын түштүгүндөгү шаар. Манитоба провинциясынын адм. борбору. Калкы 632,9 миң (2006). Ред-Ривер ж-а Ассинибойн д-нын кошулган жеринде жайгашкан. Ири жолдор тоому (шаар аркылуу трансканада темир ж-а автомобиль магистралдары өтөт). Эларалык аэропорту бар. Шаар 1873-ж. негизделген. В. – билим берүүчү ири борбор. Ун-ттер, музейлер (анын курамында планетарий), заманбап искво гал. ж. б. бар. Театрлар (а. и. Виннипег король балети, 1939; Манитоба театр борбору ж. б.) иштейт. Жыл сайын театр фестивалы өткөрүлөт. Этностук маданий борборлору (украина, индей, кытай, еврей ж. б.) бар. В. – өлкөнүн дан эгиндүү аймагынын ири борбору «буудай борбору» – Виннипег дан биржасы (өлкөдөгү жалгыз, Түн. Америкадагы ири), Канада эгин к-тинин, Буудай өндүрүүчүлөрдүн бириккен ассоциациясынын штаб-квартираларын камтыйт. А. ч. машиналарын куруу өнүккөн. Нефть ажыратуу, полигр., тигүү (фермерлер үчүн жумушчу кийим), тамак-аш (эт, сүт, ун, кондитер азыктары, пиво кайнатылат) өнөржай ишканалары иштейт.