ВИНОГРАДОВ Виктор Сергеевич: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИНОГРА́ДОВ 3 Виктор Сергеевич [26.2(10.3). 1899, Калуга губ., Истикс кыш. – 5.10.1993, Москва] – музыка изилдөөчү, Кыргыз ССРинин иск-вого эмг. сиң. ишмери (1957). 1921-жылдан РСФСР композиторлор союзунун башкармасынын ж-а ЮНЕСКОнун элдик музыка б-ча эларалык кеңешинин мүчөсү.

В. Москва консерваториясынын теория ж-а композиция ф-тин бүтүргөн (1922–29). Ал 300гө жакын макаланын ж-а ондон ашык китептин автору. В-дун «Советтик Кыргызстандын музыкасы» (1939), «Токтогул Сатылганов жана кыргыз акындары» (1952), «Кыргыз эл музыкасы» (1958), «Атай Огонбаев» (1960), «Муратаалы Күрөңкөев» (1962), «Токтогулдун музыкалык мурасы» (1960) аттуу чыгармалары, кыргыз элдик ж-а профессионал музыкасынын өсүш жолуна, тарыхына, айрым музыканттардын чыг-лыгына арналган. Ал казак, өзбек, тажик, түркмөн ж-а азербайжан элдеринин вокалдык ж-а аспаптык музыкасы ж-дөгү эмгектердин автору. В. кыргыз музыкасы ж-дө 1938-жылдан жаза баштаган. Анын эмгектери немец, араб, француз, англис, болгар, чех ж. б. тилдерге которулган, чет элдик музыка изилдөөчүлөр В-дун эмгектерине жогору баа берген. Бир топ эларалык жыйындарда кыргыз музыкасы ж-дө мазмундуу докладдарды жасаган. Алардын айрымдары АКШдан, Лондондон чыгуучу бюллетендерге басылган (1965). В-дун редакторлугу м-н 1957-жылдан «Союздаш республикалардын музыканттары жана музыкасы» деген сериялык китепчелер чыккан. Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1967). Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйлан ган.
Ад.: Алагушов Б. Кыргыз музыкасынын чалгынчысы. Ф., 1969.