ВИНЧЕСТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИНЧЕ́СТЕР , HDD (англ. Hard Disk Drive – ка­туу дискти башкаруучу, айландыруучу) – ком­пьютерде колдонулуучу магниттик катуу диск­ти башкаруучу (айландыруучу) түзүлмө. В. ка­туу дисктин (С:) диск алып жүрүүчүсүндө (дис­ководдо) жайгашат. Алюминийден жасалып, магнит материалы м-н капталат. Анда бир нече диск айландыруучу моторго биринин үстүнө бири жайгаштырылган ж-а ар бир дискте окуу-жа­зуу куралы м-н камсыз кылынган. Мындай


дискте компьютердеги бардык программалык жабдуулар, аудио, видео фрагменттер, эсептөө жыйынтыктары ж. б. маалыматтар узакка сак­талат. Диск чоң ылдамдыкта (болжол м-н 3000 айл./мин) айланат. Магниттүү бөрк дисктин бе­тине жакын жайгашат. Диск алып жүргүчтөгү дисктен башка кассеталык дисктер да болот, алар аба м-н үйлөтүлүп, суутулуп турат. Микро­компьютердик системалар үчүн мындай дисктер­дин сыйымдуулугу ондогон Гбайттан жүздөгөн Гбайтка жетет.