ВИРУС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИ́РУС (Computer virus) к о м п ь ю т е р д е – башка программалык жабдыкка же файлга кирип, аларды зыянга учуратуу үчүн иштелип чыккан колдонуучуга белгисиз болгон компью­тердик программа. В. программасы контакт бол­гон программалык жабдыкка же файлга кирет. Ал көбүнчө компьютердик системаны зыянга учуратат, берилиштерди жоготот, бузат ж-а өзүн андан ары таркатат. В. дискет, модем же бай­ланыш тармагы б-ча башка компьютерден ки­рет. Эгер В. кирген файл башка компьютердик системага жиберилсе же бул системага кайрыл­са, анда ал башка системага таралат. Кийинки жылдары улам миңдеген жаңы В-тар пайда бо­луп, айрымдары кеңири колдонулуучу програм­маларга кирип, бүткүл дүйнөгө таралат ж-а бир нече ай бою компьютерде жайгашып, анан ка­пысынан таасир эте баштайт. В. компьютер тармактарынын (локалдык, глобалдык), интер­неттин пайда болушу В-тун таралышын өзгөчө жеңилдетти. В-тардын негизги 4 тиби (жүктө­лүүчү сектор В-у, файл В-у, троян В-у ж-а мак­ро В-тар) бар. Жүктөлүүчү сектор В-у компью­тер системасын иштетүүчү баштапкы жүктөө программасына кирет. В. кирген программа иш­тетилгенде андагы В. компьютердин эсине жа­зылып калып, компьютердеги флоппи дисктер­дин ар бирине көчүрүлүп жазыла берет. Троян (грек мифи) В-у кадимки программага окшош, ал программанын ичинде жашыруун түрдө ки­рип алат. Текстти иштетүү сыяктуу колдон­молордо пайдаланылган макро-буйруктарда В. коддору жашырынып калат. Макро-буйрук­тардан киргизип алган В-туу документ ачыл­ганда В. эске жүктөлөт ж-а андан башка про­граммаларга кирет. Көп учурда макро В-тар шаб­лондун бөлүгү түрүндө иштелет ж-а түзүлүп жат­кан документ шаблонду (үлгү) колдонгон сайын кирет. Айрым В-тар жөн гана компьютердик системага убактылуу кирип, үн же текст түрүндө кабар чыгарат. Мис., Грин курту аттуу В. экран­дан жашыл куртту көрсөтөт. «Тире» деп атал­ган В. башка В-тардай өзгө программаларга өзүн көчүрбөстөн, жөн гана эске же дискке өзүн көп ирет көчүрө берип, эсти же дискти толтуруп коёт. Эсте же дискте орун калбай калганда компью­тер иштешин токтотот. В-ту атайы таркатуу көп өлкөдө чыккынчылык катары эсептелет. Ком­пьютердик тармакка туташтырылбаган ж-а баш-


ка компьютер м-н маалымат алмашуу жүргү­зүлбөгөн компьютерге В. кирбейт. В-тун улам жаңы түрү пайда болуп тургандыктан, антиви­рус программасы да мезгили м-н жаңыланып турушу зарыл. Белгилүү антивирус программа­лары: AIDSTEST, DRWEB, ADINF, WEBVAMP ж. б. А. С. Өмүралиев.