ВИРУСОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИРУСОЛО́ГИЯ (лат. virus – уу ж-а ...логия) – вирустар ж-а вирус оорулары ж-дөгү илим. В. 19-кылымдын аягында микробиологиядан өзүнчө илим катары бөлүнүп чыккан. Вирус оорулары өсүмдүк, жаныбар ж-а кишиде кеңири тарал­гандыктан, В. медицина ж-а биология илимде­ринде маанилүү орунду ээлейт. Ал жалпы, мед., ветер., өсүмдүк ж-а жаныбарлардын В-сы ж-а мол. биология болуп бөлүнөт. Жалпы В. вирус­тардын табиятын, мол. түзүлүшүн, тиричили­гин, көбөйүшүн, таралуусун, биохим. касиетте­рин, генетикасын, кишиге, айбанат ж-а өсүмдүк дүйнөсүнө тийгизген зыянын, пайдасын ж. б. изилдейт. Мед. В. оору козгоочу вирустарды, алар пайда кылган оорулардын алдыналуу, ди­агноз коюу ж-а дарылоо чараларын иштеп чы­гат. Кырг-нда В-лык изилдөөлөр КР УИАнын Биотехнология ин-тунда ж-а КРдин саламат­тык сактоо министрлигинин Микробиология, эпидемиология ж-а гигиена ил. -из. ин-тунда жүргүзүлөт.