ВИРУСТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИРУСТАР (лат. virus – уу) – киши, жаныбар ж-а өсүмдүктөрдүн жугуштуу вирус ооруларын козгоочу өтө майда организмдер. Алар тирүү клеткада гана жашап, көбөйөт. Бактериядан өзгөчөлөнүп, клеткадан сырткары атайын жа­салган азык чөйрөдө өспөйт. Мед. изилдөө ж-а эксперимент үчүн өсүмдүк м-н жаныбар организ­минде, тирүү сакталган ткань ж-а клеткада ж. б. өстүрүлөт. В. өтө көп тараган жугуштуу ооруларды (чечек, кызамык, грипп, полиомие­лит, кутурма ж. б.) козгойт, о. эле айрым өсүмдүк илдеттерин пайда кылат. Орус окумуш­туусу Д. И. Ивановский 1892-ж. бактерия чып­касынан өтүп кеткен эң майда мироорганизм­дер В. экенин аныктаган. В. тирүү организмге таандык бардык касиеттерге (тукум куугучтук, өзгөргүчтүк ж-а сырткы чөйрөнүн шартына ка­рата ыңгайлануу) ээ жөнөкөй организм. Алар электрондук микроскоптун жардамы м-н гана көрүнөт. В-дын көлөмү ар кандай, мис., чечек козгогучу чоң (300–400 нм), ал эми энцефалит, полиомиелит, шарп козгогучтары эң эле кичи­не (20–30 нм). Алар төрт чарчы, таякча, того­лок ж-а жипче формада болушат. В. белоктор­дон ж-а нуклеин к-тасынан турат. Жаныбар, өсүмдүк ж-а бактериялардын клеткалары эки нуклеин к-тасынан (ДНК ж-а РНК) турса, В.

<img src='ВИРУСТАР25.png' alt=”Айрым вирустардын түзүлүш схемасы. РНКлуу вирустар: 1 – гиповирус, 2 – реови­рус, 3 – рабдовирус, 4 – парамиксовирус, 5 – клостеровирус, 6 – коронавирус, 7 – ретровирус. ДНКлуу вирустар: 8 – плазмавирус, 9 – миовирус, 10 – иридовирус, 11 – бакуловирус, 12 – асковирус, 13 – поксивирус, 14 – аденовирус, 15 – иновирус.”/>



бир гана (ДНК же РНК) нуклеин к-тасынан турат. Татаал түзүлүштүү В-да белок ж-а нук­леин к-тасынан башка липпиддер, полиамин­дер, ферменттер, витаминдер ж. б. болот. В. клет­ка ядросунда, цитоплазмада да көбөйөт. Алгач вириондор клеткага жабышып, андан клетка­нын ичине кирет. Анда вириондун белок кабык­часы ферменттердин таасиринен бузулуп, нук­леин к-тасы бошонот. Нуклеин к-тасы клеткага киргенден кийин вирус инфекциясынын жашы­руун мезгили башталат. В-дын көбөйүүсү жаңы вирус бөлүкчөлөрүнүн (вибриондорунун) жайы­лып, клеткалардан чөйрөгө чыгуусу м-н аяктайт. В. ысык (90°С), суук (–70°С) темп-рага чыдамдуу келип, жаратылышта көп кездешип, киши, жаныбар ж-а өсүмдүктөр аркылуу таралат.