ВИСКОНТИ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИСКО́НТИ '''Лукино (2.11.1906, Милан – 17.3. | '''ВИСКО́НТИ '''Лукино (2.11.1906, Милан – 17. 3. 1976, Рим) – италиялык кино жана театр режиссёру, сценарийчи. Кинематографиялык чыгармачылыгы 1936-жылы Францияда башталган. Висконтинин биринчи филь­ми («Оопайлык») Ж. Кейндин «Почтальон ар дайым эки жолу шыңгыратат» романы боюнча (1942) коюлган. Фашисттерге каршы күрөшкө катышып, камакка алынган. 1945-жылы «Даңктуу күндөр» аттуу даректүү фильмди тартууга ка­тышкан. Висконтинин «Сулуунун сулуусу» комедиясы (1951), «Биз – аялдар» кыска метраждуу новел­ласы (1953) согуштан кийинки Римдин көчөлөрү, шаардын психологиясы жөнүндө. Ф. М. Достоев­скийдин «Буурул түндөр» (1957) повестин экран­даштырган. Драмалык жана музыкалык театрда У. Шекс­пирдин, А. П. Чеховдун, Ж. Коктонун, Ж. Ануй­дун пьесаларын, Г. Доницеттинин, | ||
1976, Рим) – | |||
[[File:ВИСКОНТИ27.png | thumb | Л. Висконти. «Кудайлардын | Ж. Верди­нин, Р. Штраустун операларын койгон. «Чоң жетигендин булуттуу жылдыздары», «Венгрия­дагы өлүм», «Кабылан» фильмдеринде Верди жана башка композиторлордун вальстарын колдонгон. Висконтинин «Кабылан» фильми 1962-жылы Канныда эл а­ралык кинофестивалдын (ЭКФ) башкы байге­син, «Чоң жетигендин булуттуу жылдыздары» фильми 1965-жылы Венецияда ЭКФтин башкы бай­гесин жеңип алган. Ги де Мопассандын новел­ласы боюнча «Сыйкырчылар» (1966), А. Камюнун романы боюнча «Бөтөн келин» фильмдерин кой­гон. 1970-жылы тартылган «Венециядагы өлүм»

фильми 1971- | [[File:ВИСКОНТИ27.png | thumb | Л. Висконти. «Кудайлардын кыйрашы» фильминен кадр. 1969.]] | ||

Ад.: ''Шитова В.'' Л. Висконти. М., 1965. |

фильми 1971-жылы Канныда эл аралык кинофести­валдын сыйлыгына ээ болгон. «Людвиг» (1972), «Жа­салгада үй-бүлө портрети» (1974), «Күнөөсүз» (1976) кинофильмдери лирикага, энелик мээримге, ашыктык сезимдерге жык тол гон.

Ад.: ''Шитова В.'' Л. Висконти. М., 1965. | ||
''А. Пазылов.'' | ''А. Пазылов.'' | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
05:15, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИСКО́НТИ Лукино (2.11.1906, Милан – 17. 3. 1976, Рим) – италиялык кино жана театр режиссёру, сценарийчи. Кинематографиялык чыгармачылыгы 1936-жылы Францияда башталган. Висконтинин биринчи фильми («Оопайлык») Ж. Кейндин «Почтальон ар дайым эки жолу шыңгыратат» романы боюнча (1942) коюлган. Фашисттерге каршы күрөшкө катышып, камакка алынган. 1945-жылы «Даңктуу күндөр» аттуу даректүү фильмди тартууга катышкан. Висконтинин «Сулуунун сулуусу» комедиясы (1951), «Биз – аялдар» кыска метраждуу новелласы (1953) согуштан кийинки Римдин көчөлөрү, шаардын психологиясы жөнүндө. Ф. М. Достоевскийдин «Буурул түндөр» (1957) повестин экрандаштырган. Драмалык жана музыкалык театрда У. Шекспирдин, А. П. Чеховдун, Ж. Коктонун, Ж. Ануйдун пьесаларын, Г. Доницеттинин,
Ж. Вердинин, Р. Штраустун операларын койгон. «Чоң жетигендин булуттуу жылдыздары», «Венгриядагы өлүм», «Кабылан» фильмдеринде Верди жана башка композиторлордун вальстарын колдонгон. Висконтинин «Кабылан» фильми 1962-жылы Канныда эл аралык кинофестивалдын (ЭКФ) башкы байгесин, «Чоң жетигендин булуттуу жылдыздары» фильми 1965-жылы Венецияда ЭКФтин башкы байгесин жеңип алган. Ги де Мопассандын новелласы боюнча «Сыйкырчылар» (1966), А. Камюнун романы боюнча «Бөтөн келин» фильмдерин койгон. 1970-жылы тартылган «Венециядагы өлүм»

фильми 1971-жылы Канныда эл аралык кинофестивалдын сыйлыгына ээ болгон. «Людвиг» (1972), «Жасалгада үй-бүлө портрети» (1974), «Күнөөсүз» (1976) кинофильмдери лирикага, энелик мээримге, ашыктык сезимдерге жык тол гон.
Ад.: Шитова В. Л. Висконти. М., 1965.
А. Пазылов.