ВИТАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИТАЛИ́ЗМ (лат. vitalis – жашагычтык, тирүү) – жандуу жаратылыштын жансыз табыяттан сапаттык айырмаланышы ж-дөгү, жашоонун жүрүшүн жансыз дүйнөнүн күчтөрүнө ж-а закондоруна кошууга болбой тургандыгы ж-дөгү, тирүү денелерде жансыз заттарда жок, өзгөчө факторлордун бар экендиги тууралуу окуу, же жандуу организм маңызында тирүүлүк деген материалдык эмес, табыйгаттан тышкаркы өзгөчө бир кудурет нерсе жашоонун бардык көрүнүштөрүн башкарып турарын тааныган ж-а жактаган агым. Филос. В. (Платон, Ф. В. Шеллинг, А. Бергсон) ж-а ил.-табигый В. деп айырмалашат. Айрыкча, ил.-табигый В. жашоо аракеттерин, тирүүлүк ишин бүт бойдон жансыз жаратылыштын күчтөрү м-н закондоруна алып барып такаган механицизмге карама-каршы турат. Өз кезегинде В. биологиянын ж-а психологиянын бир катар тармактарына [эмбриологияда морфотектик (морфогенетикалык) талаалар теориясы, гештальтпсихология] таасир көрсөткөн, о. эле жаңы агымдарды (органицизм, холизм ж. б.) жаратты. Биол. себептүүлүк тегине карата механисттик көзкарашты сынга алгандыгын В-дин эң күчтүү жагы катары бардык агымдардын өкүлдөрү баалашат. Себептүүлүк б-ча биология ж-а физика илимдеринде алда канча кеңири, механисттик эмес көзкараштар бекемделип, азыркы замандагы эң татаал, өзүнөзү уюштуруучу системалап кароонун өнүгүшү м-н, В. өз таасирин жоготту.