ВИТАМИНДҮҮ ТОЮТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИТАМИНДҮҮ ТОЮТ – витамини көп аралаш тоют. Аны рационго кошуп, малга керектүү витаминди толуктоого болот. А витамини ка­ротинге бай көк чөптө көп. 1 кг тоюттагы каро­тин (мг м-н) уйбедеде 30–161, бедеде 61, кызыл­ча жалбырагында 30–40, жакшы кургатылган чөптө 20–30, чөп унунда 100–250, жүгөрү сило­сунда 15–46, сабизде 70–95, чанактуу өсүмдүк­төрдө 30–100; Д витамининин провитамини ча­нактуу өсүмдүктөрдүн кургак чөбүндө 750–900, уузда Д витамини 100–200, о. эле балык ма­йында 50 000; Е витамини (мг) чанактуу өсүмдүк­төрдүн көк чөбүндө 100–150, кургатылганында 70, көкбедеде 154, кургатылганында 25, буудай улпагында 3; В1 витамини (мг) буудай, кара буудай улпагында 5, арпада 4, жүгөрүдө 3; В2 витамини (мг) тоют ачыткысында 39–40, ба­лык унунда 7–8, эт сөөк унунда 5, майы алы­нып кургатылган сүттө 20–21; В12 витамини (мг) балык унунда 30–33, балык майында 30–80, эт­сөөк унунда 40–80; С витамини (мг) көкбедеде 900, кургагында 140, уйбедеде 400, кургатылга­нында 90, тоют кызылчасында 80, жүгөрү си­лосунда 60, уй сүтүндө 14 ж. б.