ВИТТЕ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИ́ТТЕ Сергей Юльевич [17(29).6.1849, Тифлис – 28.2(13.3).1915, Петроград] – россиялык мамл. ишмер; Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1893). Байланыш ж-а жолдор, финансы министри (1892–93); Министрлер к-тинин (1903–05), министрлер советинин (1905–06) төрагасы. Орус капитализминин өөрчүшүнө көмөктөшкөн саясат жүргүзүп, чет элдик капиталдын тартылышын колдогон. В-нин демилгеси б-ча шарап монополиясы киргизилип (1894), Сибирь темиржол магистралы курулган; акча реформасы жүргүзүлүп (1897), ага ылайык кредит акчасын алтынга эркин айырбаштоо тартиби орнотулган. Тышкы саясатта орус-француз союзун чыңдоону жактаган. Портсмут тынчтык келишимин (1905) түзгөн делегацияны башкарган. 1905- жылдагы рев-я учурунда ал падыша Николай IIни 17-октябрдагы Манифестти жарыялоого ж-а мамл. Думаны чакырууга ынандырган. В. 1906-ж. отставкага чыккан. Падыша өкмөтүнүн тышкы саясатын баяндаган «Эскерүүлөр» (1907– 12) эмгегин жаз ган.
Ад.: Тарле Е. В. Граф С. Ю. Витте. Опыт характеристики внешней политики. Л., 1927: С. Ю. Витте – Государственный деятель, реформатор, экономист. В 2 ч. М., 1999.