ВЛАДИВОСТОК: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВЛАДИВОСТО́К '''– Россиядагы шаар. Приморье крайынын | '''ВЛАДИВОСТО́К '''– Россиядагы шаар. Приморье крайынын административдик борбору. Калкы 586,8 миң (2005). Ыраакы Чыгыштын илимий, маданий, экономикалык ири борбо­ру. Шаардын негизги бөлүгү Муравьёв-Амур жарым аралынын түштүк учунда жайгашып, Алтын Мүйүз бухтасы чулгайт. Ири жолдор тоому. Трансси­бирь магистралынын акыркы пункту. Деңиз порту (жылына 6,5 млн т жүк ташылат). Владивосток – Хабаровск автомагистралы, эл аралык аэропор­ту бар. Шаардык фуникулёр (аркан м-н тарты­луучу рельс жолу) 1962-жылдан иштейт. 1860-жылы негизделген; 1875-жылдан шаар. 1888–1920-жылдарда Приморье облусунун борбору. 1922-жылы 25-октябр­да Совет өкмөтү орногон. 1922–26-жылдарда Приморье губерниясынын, 1926–38-жылдарда Ыраакы Чыгыш, 1938- жылдан Приморье крайынын борбору. Шаар амфитеатр сымал жайгашып, көчөлөрү тепкич­тенип салынган. Бүркүт Уя (Орлиное Гнездо) дөбөсүндө телемунара, анын этегинде телебор­бор ж-а Радио үйү орношкон. Алтын Мүйүз бух­тасын жээктей шаардын тарыхый очогу жай­гашкан. Архитектура эстеликтеринен – Владивосток чеби, темир жол | ||
[[File:ВЛАДИВОСТОК38.png | thumb | none]] | [[File:ВЛАДИВОСТОК38.png | thumb | none]] | ||
5 сап: | 5 сап: | ||
[[File:ВЛАДИВОСТОК39.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | [[File:ВЛАДИВОСТОК39.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | ||

вокзалы, Чыгыш институту (азыр техникалык университет), «Версаль» мейманканасы, Ыйык Павел люте­ран чиркөөсү, Сибирь флотилиясынын имара­ты ж. б. эстеликтер бар. Уссури булуңунун жээ­гинде, Емар бухтасында Бүткүл Россиялык балдар борбору – «Океан» уюшулган (1983). Россия ИАнын Ыраакы Чыгыш бөлүмү, 15 ЖОЖ (анын ичинде Ыраакы Чыгыш деңиз, медицина университеттери ж. б.), 38 китепкана (анын ичинде А. П. Чехов атындагы борбордук), музей­лер (Сухановдордун үй-музейи, Тынч океан фло­тунун аскер-тарыхы, деңиз музей-океанариум ж. б.), галереялар, театрлар, филармония, Тынч оке­ан симфониялык оркестри, цирк иштейт. Жыл сайын «Приморье жылдыздары» эларалык спорттук бал бийи, региондук театр, Бүткүл россиялык «Ыраакы Чыгыш жазы» классика­лык музыка фестивалдары өткөрүлүп турат. | ||
вокзалы, Чыгыш | |||
Кеме куруу ж-а ремонттоо (ишканалары: «Владивосток кеме ремонттоо заводу», «Чыгыш Верфь»), балык («Дальрыба» – тоңдурулган ба­лык продукциясы, «Дальморепродукт Троу­лерс»), жеңил («Заря» – кийим-кечек ж. б.), ас­кер-деңиз ж-а | Кеме куруу ж-а ремонттоо (ишканалары: «Владивосток кеме ремонттоо заводу», «Чыгыш Верфь»), балык («Дальрыба» – тоңдурулган ба­лык продукциясы, «Дальморепродукт Троу­лерс»), жеңил («Заря» – кийим-кечек ж. б.), ас­кер-деңиз ж-а граждандык флоттор үчүн радиоэлект­роника техникасы («Радиоприбор») өндүрүшү иштейт.

Ад.: Владивосток сегодня и завтра. Владивосток, 2000. | ||

Ад.: Владивосток сегодня и завтра. Владивосток, 2000. | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
09:30, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВЛАДИВОСТО́К – Россиядагы шаар. Приморье крайынын административдик борбору. Калкы 586,8 миң (2005). Ыраакы Чыгыштын илимий, маданий, экономикалык ири борбору. Шаардын негизги бөлүгү Муравьёв-Амур жарым аралынын түштүк учунда жайгашып, Алтын Мүйүз бухтасы чулгайт. Ири жолдор тоому. Транссибирь магистралынын акыркы пункту. Деңиз порту (жылына 6,5 млн т жүк ташылат). Владивосток – Хабаровск автомагистралы, эл аралык аэропорту бар. Шаардык фуникулёр (аркан м-н тартылуучу рельс жолу) 1962-жылдан иштейт. 1860-жылы негизделген; 1875-жылдан шаар. 1888–1920-жылдарда Приморье облусунун борбору. 1922-жылы 25-октябрда Совет өкмөтү орногон. 1922–26-жылдарда Приморье губерниясынын, 1926–38-жылдарда Ыраакы Чыгыш, 1938- жылдан Приморье крайынын борбору. Шаар амфитеатр сымал жайгашып, көчөлөрү тепкичтенип салынган. Бүркүт Уя (Орлиное Гнездо) дөбөсүндө телемунара, анын этегинде телеборбор ж-а Радио үйү орношкон. Алтын Мүйүз бухтасын жээктей шаардын тарыхый очогу жайгашкан. Архитектура эстеликтеринен – Владивосток чеби, темир жол

вокзалы, Чыгыш институту (азыр техникалык университет), «Версаль» мейманканасы, Ыйык Павел лютеран чиркөөсү, Сибирь флотилиясынын имараты ж. б. эстеликтер бар. Уссури булуңунун жээгинде, Емар бухтасында Бүткүл Россиялык балдар борбору – «Океан» уюшулган (1983). Россия ИАнын Ыраакы Чыгыш бөлүмү, 15 ЖОЖ (анын ичинде Ыраакы Чыгыш деңиз, медицина университеттери ж. б.), 38 китепкана (анын ичинде А. П. Чехов атындагы борбордук), музейлер (Сухановдордун үй-музейи, Тынч океан флотунун аскер-тарыхы, деңиз музей-океанариум ж. б.), галереялар, театрлар, филармония, Тынч океан симфониялык оркестри, цирк иштейт. Жыл сайын «Приморье жылдыздары» эларалык спорттук бал бийи, региондук театр, Бүткүл россиялык «Ыраакы Чыгыш жазы» классикалык музыка фестивалдары өткөрүлүп турат.
Кеме куруу ж-а ремонттоо (ишканалары: «Владивосток кеме ремонттоо заводу», «Чыгыш Верфь»), балык («Дальрыба» – тоңдурулган балык продукциясы, «Дальморепродукт Троулерс»), жеңил («Заря» – кийим-кечек ж. б.), аскер-деңиз ж-а граждандык флоттор үчүн радиоэлектроника техникасы («Радиоприбор») өндүрүшү иштейт.
Ад.: Владивосток сегодня и завтра. Владивосток, 2000.