ВЛАДИМИР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВЛАДИ́МИР '''– Россиядагы шаар, Владимир обл­ | '''ВЛАДИ́МИР '''– Россиядагы шаар, Владимир обл­усунун административдик борбору. Калкы 310,5 миң (2005). Рос­сиядагы туризмдин ири борбору («Россиянын алтын айлампасы» маршрутунун негизги пунк­тарынын бири), облустун башкы өнөр жай бор­бору. Чыгыш Европа түздүгүнүн борбордук бөлүгүндө, Клязьма дарыясынын боюнда, Москвадан 190 ''км'' түндүк-чыгышта жайгашкан. Темир жол бекети. Жол­дор тоому. Шаар 1108-жылы ченде чеп катары князь В. В. Мономах тарабынан негизделген. 1299– 1328-жылдада орус митрополиттеринин резиденциясы. 12-кылымдан 14-кылымдын башына чейин Владимир улуу княздыгынын, 18-кылымдын аягынан Владимир губерния­сынын борбору. Совет өкмөтү 1917-жылы 25-ок­тябрда (7-ноябрда) орногон. Владимир архитектуралык эсте­ликтерге ж-а Владимир-Суздаль мектебинин жи­вопистерине бай: Успенье (1158–60, 1185–89-жылдары кайрадан курулган), «Алтын Дарбаза» (1158– 64), Дмитрий соборлору, чикөөлөр ж. б. сактал­ган. 12-кылымдын 2-жарымында Владимир-Суздаль

[[File:ВЛАДИМИР41.png | thumb | Успенье собору (1158–60, 1185–89).]] | [[File:ВЛАДИМИР41.png | thumb | Успенье собору (1158–60, 1185–89).]] | ||
архитектура мектеби калыптанган учурда таштан ири курулуштар курулган. Ак таштан курулган архитекту­ра эстеликтери ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тиз­месине кирген. Эстеликтер тургузулган. Университеттер, китепканалар (анын ичинде атайын азиздер үчүн), Вла­димир-Суздаль тараыхый-архитектура ж-а көркөм му­зей-коругу (1854), Столитовдордун үй-музейи, сүрөт галереясы, драма театр (2003-жылдан театр ком­плекси), куурчак театры (1969), филармония, Владимир-Суздаль Русунун хор музыкасынын борбору (1992), концерт залдары, планетарий, эстеликтер ж. б. арбын. Машина куруу (трак­тор ж-а электр моторлор заводдору, «Точмаш»), автомобиль («Электр прибор» заводу), химиялык (химиялык, пленка материалдар), тамак-аш, тигүү ж-а три­котаж буюмдар ишканалары иштейт. Владимирге жа­кын Боголюбов кыштагында князь А. Ю. Боголюбов­дун резиденциясы болгон.

Ад.: ''Дуброва А. В.'' Старый Владимир. Владимир, 1998. | |||

Ад.: ''Дуброва А. В.'' Старый Владимир. Владимир, 1998. | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
10:45, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВЛАДИ́МИР – Россиядагы шаар, Владимир облусунун административдик борбору. Калкы 310,5 миң (2005). Россиядагы туризмдин ири борбору («Россиянын алтын айлампасы» маршрутунун негизги пунктарынын бири), облустун башкы өнөр жай борбору. Чыгыш Европа түздүгүнүн борбордук бөлүгүндө, Клязьма дарыясынын боюнда, Москвадан 190 км түндүк-чыгышта жайгашкан. Темир жол бекети. Жолдор тоому. Шаар 1108-жылы ченде чеп катары князь В. В. Мономах тарабынан негизделген. 1299– 1328-жылдада орус митрополиттеринин резиденциясы. 12-кылымдан 14-кылымдын башына чейин Владимир улуу княздыгынын, 18-кылымдын аягынан Владимир губерниясынын борбору. Совет өкмөтү 1917-жылы 25-октябрда (7-ноябрда) орногон. Владимир архитектуралык эстеликтерге ж-а Владимир-Суздаль мектебинин живопистерине бай: Успенье (1158–60, 1185–89-жылдары кайрадан курулган), «Алтын Дарбаза» (1158– 64), Дмитрий соборлору, чикөөлөр ж. б. сакталган. 12-кылымдын 2-жарымында Владимир-Суздаль

архитектура мектеби калыптанган учурда таштан ири курулуштар курулган. Ак таштан курулган архитектура эстеликтери Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Эстеликтер тургузулган. Университеттер, китепканалар (анын ичинде атайын азиздер үчүн), Владимир-Суздаль тараыхый-архитектура ж-а көркөм музей-коругу (1854), Столитовдордун үй-музейи, сүрөт галереясы, драма театр (2003-жылдан театр комплекси), куурчак театры (1969), филармония, Владимир-Суздаль Русунун хор музыкасынын борбору (1992), концерт залдары, планетарий, эстеликтер ж. б. арбын. Машина куруу (трактор ж-а электр моторлор заводдору, «Точмаш»), автомобиль («Электр прибор» заводу), химиялык (химиялык, пленка материалдар), тамак-аш, тигүү ж-а трикотаж буюмдар ишканалары иштейт. Владимирге жакын Боголюбов кыштагында князь А. Ю. Боголюбовдун резиденциясы болгон.
Ад.: Дуброва А. В. Старый Владимир. Владимир, 1998.