ВОДЕВИЛЬ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ВОДЕВИ́ЛЬ''' (фр. vaudeville) – кызыктуу, күл­күлүү интриганын айланасында түзүлгөн, диа­логдон, бий, романстан турган, музыканын коштоосунда ойнолуучу пьесалык жанр. «В.» деген аталыш 15-кылымда Нормандияда Вир д-нын (Van de Vire) атынан келип чыккан. 18-кылымдын башында «В-дер» – ыр-куплеттер кайырма м-н кайталанып, ярмарка театрларынын пьесала­рына кирген. Францияда пайда болуп, 19-кылымдын башында бүткүл Европага таралган. Театр жан­ры катары В. Францияда калыптанган (1789– 94). Драматургдар П. А. Пиису ж-а П. И. Бар­ре Парижде атайын «Водевиль» (1792) театрын ачышкан; андан кийин «Трубадурлар театры», «Монтансье театры» пайда болгон. Эң алгачкы В-дер мазмуну, кейипкерлери балагандык буф­фонада аркылуу ''пантомима'' м-н коштолгон («Арлекин – афиша жабыштыруучу», 1772; «Ар­лекин – тигүүчү», 1793 ж. б.). Көрүнүктүү оюн­зоок чебери француз Э. Скриб 150дөн ашык В-ди өзү ж. б. авторлор м-н бирге жазган («Улут­тук гвардиянын казармасындагы түн», 1815; «Жаңы Пурсоньяк», 1817; «Аюу жана паша», 1820; «Секретарь жана ашпоз», 1821; «Шарла­тандык», 1825; «Жаш жубайлардын бюджети», 1825 ж. б.). В. Россияда комедиялык операнын негизинде жанр катары 19-кылымдын башында пайда болгон. Эң биринчи В-дин автору А. С. Грибое­дов («Өзүңдүн үйбүлөң, же күйөөлүү колукту», «Ким ага-ини, ким эже-сиңди же жалгандын артынан жалган», 1823) болгон. Курч социал­дык сатира катары Чеховдун «Үйлөнүү той» пьесасын Е. Б. Вахтангов МХТнин 3-студиясын­да (1920) койгон. Сов. мезгилдеги В-дин чебери драматург В. Шкваркиндин «Бөтөн бала» ко­медиясын (1933) Москва сатира театры көп мамлекеттердин театр сахналарында көрсөткөн. В. КЭР, Польша, Швеция ж. б. мамлекеттердин театрларынын репертуарынан да орун алган.
'''ВОДЕВИ́ЛЬ''' (французча vaudeville) – кызыктуу, күл­күлүү интриганын айланасында түзүлгөн, диа­логдон, бий, романстан турган, музыканын коштоосунда ойнолуучу пьесалык жанр. «Водевиль» деген аталыш XV кылымда Нормандияда Вир дарыясынын (Van de Vire) атынан келип чыккан. XVIII кылымдын башында «Водевилдер» – ыр-куплеттер кайырма менен кайталанып, ярмарка театрларынын пьесала­рына кирген. Францияда пайда болуп, XIX кылымдын башында бүткүл Европага таралган. Театр жан­ры катары Водевиль Францияда калыптанган (1789– 1794). Драматургдар П. А. Пиису ж-а П. И. Бар­ре Парижде атайын «Водевиль» (1792) театрын ачышкан; андан кийин «Трубадурлар театры», «Монтансье театры» пайда болгон. Эң алгачкы Водевилдер мазмуну, кейипкерлери балагандык буф­фонада аркылуу ''пантомима'' менен коштолгон («Арлекин – афиша жабыштыруучу», 1772; «Ар­лекин – тигүүчү», 1793, жана башкалар). Көрүнүктүү оюн-­зоок чебери француз Э. Скриб 150дөн ашык Водевилдиди өзү жана башка авторлор менен бирге жазган («Улут­тук гвардиянын казармасындагы түн», 1815; «Жаңы Пурсоньяк», 1817; «Аюу жана паша», 1820; «Секретарь жана ашпоз», 1821; «Шарла­тандык», 1825; «Жаш жубайлардын бюджети», 1825, жана башкалар). Водевиль Россияда комедиялык операнын негизинде жанр катары XIX кылымдын башында пайда болгон. Эң биринчи Водевилдин автору А. С. Грибое­дов («Өзүңдүн үй-бүлөң, же күйөөлүү колукту», «Ким ага-ини, ким эже-сиңди же жалгандын артынан жалган», 1823) болгон. Курч социал­дык сатира катары Чеховдун «Үйлөнүү той» пьесасын Е. Б. Вахтангов МХТnин 3-студиясын­да (1920) койгон. Советтик мезгилдеги Водевилдин чебери драматург В. Шкваркиндин «Бөтөн бала» ко­медиясын (1933) Москва сатира театры көп мамлекеттердин театр сахналарында көрсөткөн. В. КЭР, Польша, Швеция жана башка мамлекеттердин театрларынын репертуарынан да орун алган.
[[Файл:Воде.jpg|left|thumb|416x416px]]
[[Файл:Водевиль.jpg|thumb|275x275px]]
[[Файл:Вод.jpg|center|thumb|432x432px]]
 
 
''К. Зарлыкова.''  
''К. Зарлыкова.''  
[[Category: 2-том, 500-554 бб]]
[[Category: 2-том, 500-554 бб]]

06:36, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВОДЕВИ́ЛЬ (французча vaudeville) – кызыктуу, күл­күлүү интриганын айланасында түзүлгөн, диа­логдон, бий, романстан турган, музыканын коштоосунда ойнолуучу пьесалык жанр. «Водевиль» деген аталыш XV кылымда Нормандияда Вир дарыясынын (Van de Vire) атынан келип чыккан. XVIII кылымдын башында «Водевилдер» – ыр-куплеттер кайырма менен кайталанып, ярмарка театрларынын пьесала­рына кирген. Францияда пайда болуп, XIX кылымдын башында бүткүл Европага таралган. Театр жан­ры катары Водевиль Францияда калыптанган (1789– 1794). Драматургдар П. А. Пиису ж-а П. И. Бар­ре Парижде атайын «Водевиль» (1792) театрын ачышкан; андан кийин «Трубадурлар театры», «Монтансье театры» пайда болгон. Эң алгачкы Водевилдер мазмуну, кейипкерлери балагандык буф­фонада аркылуу пантомима менен коштолгон («Арлекин – афиша жабыштыруучу», 1772; «Ар­лекин – тигүүчү», 1793, жана башкалар). Көрүнүктүү оюн-­зоок чебери француз Э. Скриб 150дөн ашык Водевилдиди өзү жана башка авторлор менен бирге жазган («Улут­тук гвардиянын казармасындагы түн», 1815; «Жаңы Пурсоньяк», 1817; «Аюу жана паша», 1820; «Секретарь жана ашпоз», 1821; «Шарла­тандык», 1825; «Жаш жубайлардын бюджети», 1825, жана башкалар). Водевиль Россияда комедиялык операнын негизинде жанр катары XIX кылымдын башында пайда болгон. Эң биринчи Водевилдин автору А. С. Грибое­дов («Өзүңдүн үй-бүлөң, же күйөөлүү колукту», «Ким ага-ини, ким эже-сиңди же жалгандын артынан жалган», 1823) болгон. Курч социал­дык сатира катары Чеховдун «Үйлөнүү той» пьесасын Е. Б. Вахтангов МХТnин 3-студиясын­да (1920) койгон. Советтик мезгилдеги Водевилдин чебери драматург В. Шкваркиндин «Бөтөн бала» ко­медиясын (1933) Москва сатира театры көп мамлекеттердин театр сахналарында көрсөткөн. В. КЭР, Польша, Швеция жана башка мамлекеттердин театрларынын репертуарынан да орун алган.


К. Зарлыкова.