ВОЗНЕСЕНСКИЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВОЗНЕСЕ́НСКИЙ Андрей Андреевич (12.5.1933- ж. т., Москва) – орус акыны. Москвадагы архитектура ин-тун бүтүргөн (1957). Чыг-лыгы 1958-жылдан башталган. «Чеберлер» поэмасында (1959) жаңы ыкманы жаңы стилди жогорку чеберчиликте колдонуу м-н көркөм өнөргө кызыгуусу арткан. Акындын АКШга болгон иш сапарынан кийин жазылган «Үч бурчтуу алмурут» поэмасынан «40 лирикалык чегинүү» жыйнагында (1962) сүрөткердин гражд. позициясы «заманга ылайык» сынга туш болгон. «Лонжюмо» (1963), «Оза» (1964) поэмаларында адамдардын жеке жашоо-турмушу тууралуу ойжүгүртүүсү чагылдырылган. О. эле «Каршы дүйнө» (1964), «Витраж жасоонун чебери» (1976), «Азгырык» (1978) аттуу поэмалардын ж-а ыр жыйнактардын автору. В. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1978).