ВОИНОВ Александр Хусаинович: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВО́ИНОВ Александр Хусаинович (20.4.1961-ж. т., Тажикстан, Ленинабад ш.) – КРдин эмгек сиңирген машыктыргычы (кикбоксинг), СССР спортунун чебери (Дзюдо – 1989; ушу-саньда – 1990), кикбоксинг (ушусаньда) б-ча дүйнөнүн профессионалдар арасында чемпиону (1992). Кыргыз мамл. Денетарбия ин-тун

(1966) ж-а И. Арабаев атн. Кыргыз мамл. ун-тин (2003) аяктаган. Эмгек жолун Ысыката р-нунун жаштар спорт мектебинин дзюдо б-ча машыктыргычы болуп баштаган. 1989-ж. Ысыката р-нунун спорт к-тинин төрагасы, 1991-ж. Бишкек ш-н-дагы чыгыш күрөш б-ча мектептин жетекчиси, 1993-жылдан КРдин кикбоксинг б-ча улуттук командасын жетектейт. Ушул эле жылы профессионалдык «Гермес-профи» спорт клубун ачып, Бүткүл Азия кикбоксинг ассоциациясынын президенти болуп дайындалган. Ал КРдин Олимпия к-тинин вице-президенти (2006), Кыргыз Респ-нын президентинин денетарбия ж-а спорт иштери б-ча кеңешчиси (2007). В. бир нече спорт чеберлерин (Ш. Шабанов, Ж. Амантаев, А. Ибраев, Б. Борбашев, И. Мамбетов, Р. Абасов, К. Сыдыгалиев, А. Порсуков ж. б.) даярдаган. Даңк медалы (1999) ж-а Данакер ордени (2006) м-н сыйланган.
Б. Үсөнканов.