ВОЙНА-ДЕГА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВО́ЙНА-ДЕГА [амхарча жүзүм зонасы, гр. oinos (война) – шарап] – Эфиопия тайпактоосундагы 1700–1800 мден 2400 мге чейинки бийиктикте­ги «мелүүн» алкак. Эфиопиянын калкынын эң көп отурукташкан бөлүгү. Анда жылдын эң жылуу мезгили – март (16–18°С), серүүн мезги­ли – июнь (13°С). Жылдык жаан-чачыны 1500– 2000 мм. В.-Д. алкагындагы кызыл топурактуу платолордо парк саванналары, күрөң топурак­туу тоолордо (2100 мге чейин) жазы жалбырак­туу, андан жогору ийне жалбырактуу (тисс, подокарпус) токойлор өсөт. Буудай, арпа, та­руу, буурчак, жүгөрү, тэфф ж-а дагусса, таме­ки, чай, цитрус өсүмдүктөрү, жүзүм ж. б. өстү­рүлөт. Бийикт. 2000 мге чейинки жерлерде кофе плантациялары кездешет.