ВОКЗАЛ ИМАРАТТАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВОКЗА́Л ИМАРАТТАРЫ (англ. Vauxhall – Лондондогу көңүл ачуучу бактын атынан)— жүргүнчүлөрдү тейлөөчү имарат же имараттар комплекси. В. и. автовокзал, аэровокзал, темиржол вокзалы, деңиз вокзалы ж-а дарыя вокзалы болуп бөлүнөт. Магистралда жайгаштырылышы б-ча акыркы же аяккы, түйүндүү, аралык, транзиттик; жүргүнчүлөрдү тейлөөгө жараша – алыскы, жерг., шаар айланасына каттоочу, эларалык деп аталат. В. и. негизинен төмөнкүлөрдөн турат: вокзал алдындагы аянт, жүргүнчүлөр залы, касса, перрон, почта, кызматчылар бөлмөлөрү, буфет, ресторан ж-а мейманкана. Жүргүнчүлөрдү тейлөө иши – билет сатуу, жүктөрдү кабыл алуу ж-а кайра берүү, кол жүктөрүн сактоо, транспорттун келип, кетүүсүн өз убагында жарыялап туруу ж. б. Транспорттун бир нече түрлөрүн бир убакта пайдалануучу жүргүнчүлөр үчүн атайын бириктирилген вокзалдар курулат. Алгачкы В. и. 1822–25-ж. Стоктон – Дарлингтон (Англия) линиясында темиржол б-ча жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда курулган. 19-кылымдын башында ж-а 20-кылымдын аягында В. и-н куруу ири шаарларда тездик м-н өнүгө баштаган. Бириктирилген В. и. шаардык транспорттун кыймылын азайтып, транспорттук ж-а инженердик коммуникацияларды ж-а толук баалуу, өнүккөн арх-ралык ансамблди курууну жеңилдетет. Кырг-нда темиржол вокзалдары ж-а автовокзалдар гана бар.
