ВОЛКОВЕНКО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВОЛКОВЕ́НКО Афанасий Иванович [1907, Ал­тай крайы, Васильчуки кыш. (азыркы Ключев­ский р-ну) – 6.11.1944, Ровно обл., Червоноар­мейск ш.] – Сов. Союз. Баатыры. Сов. Армияга чакырылганга чейин (1941) Фрунзеде (азыркы

Бишкек) «Кондитер» артелинде иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 1-гвардиялык ат­чандар дивизиясына караштуу 6-гвардиялык атчандар полкунда эскад­рондун командири болгон. 5 ай бою Смоленск обл-нда фашисттик тылда согуш­кан. 1942-ж. 26-апрелде анын эскадрону Мышенка кыш-н (Угранский р-ну) ээлеп алган. В. жарадар бол­гонуна карабастан, катар­дан кетпей салгылашкан. 1942-ж. 19-июнда душмандын дзотун талкалап, Смоленск р-нунда фронттун линиясынан өтүшкөн. О. эле Масальский ж-а Варшава шос­селери үчүн уруштарга, Вязьма, Житомир, Луцк ш-н бошотуу үчүн салгылаштарга катышкан. В. салгылашып жүрүп, Чехословакиянын чегара­сына чейин жеткен. Салгылашта курман бол­гон. Ленин, Кызыл Жылдыз ордендери м-н сый­ланган.