ВОЛЬТА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВО́ЛЬТА (Volta) Алессандро (18.2.1745, Комо – 5. 3. 1827, ошол эле жерде) – итал. физик ж-а физиолог, электр ж-дөгү илимди негиздөөчүлөр­дүн бири. Лондон королдук коомуна мүчө (1791). Комо ш-ндагы гимназияда физика мугалими (1774–79), Павия ун-тинде проф. (1779), Падуян ун-тинин филос. ф-тинде директор (1815–19). В-нын негизги эмгектери электр тогунун жан­дуу организмге тийгизген таасирине, ар түрдүү металлдарды бири бирине беттештиргенде пай­да болуучу контакттуу электр тогуна (1795) ар­налган. О. эле электрофор (1775), сезгич электро­скоп (1781), конденсатор (1783), электрометр ж. б. физ. приборлорду ойлоп тапкан. Абанын жы­луулук кеңейүүсүн ж-а диффузия кубулушун изил­деген (1790), от жалынынын электр өткөрүмдүү­лүгүн аныктаган (1787). Электр чыңалуусунун бир­диги В-нын ысмынан вольт деп атал ган.

Ад.: Околотин В. С. Вольта. М., 1986.