ВОЛЬТ-АМПЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВОЛЬТ-АМПЕ́Р (В .А же V . A) – өзгөрмө ток­тун толук кубаттуулугунун бирдиги. В.-А.


электр тизмесиндеги ампер аркылуу туюнтул­ган ток күчүнүн анын кыпчыткычтарындагы чыңалууга болгон көбөйтүндүсү м-н аныкталып, өзгөрмө ток үчүн арналган амперметр ж-а вольт­метр м-н ченелет. Толук кубаттуулук ж-дөгү түшүнүк электр тизмегинин активдүү (U I coscp) ж-а реактивдүү (U I sincp) кубаттуулугун айыр­малоо үчүн киргизилген. Мында cp – ток м-н чы­ңалуунун ортосундагы фазалардын жылышуу бурчу. В. м-н туюнтулган толук кубаттуулук өзгөрмө ток машинасын ж-а трансформаторло­рун мүнөздөөчү негизги чоңдуктардын бири.