ВОРОНЕЖ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВОРО́НЕЖ – Россиядагы шаар, Воронеж обл­нун адм. борбору. Калкы 848,8 миң (2005). Об­лустун түн.-батыш бөлүгүндө, Воронеж д. Дон д-на куя бериште (чатынан 12 км аралыкта) жай­гашкан. Ири жолдор тоому. Эларалык аэропор-


Шаардагы таш көпүрө.


ту бар. 1584-ж. негизделген. 1711-жылдан Азов, 1725-жылдын В. губернияларынын борбору. Совет өкмөтү 1917-ж. 30-октябрда (12-ноябрь) орногон. 18–19-кылымдын орто ченинен Борб. Рос­сиядагы кендир өндүрүшүнүн, 20-кылымдын башы­нан ири өнөржай борбору болгон. Улуу Ата Мекендик согушта катуу бүлүнүүгө дуушарла­нып, 1946-жылкы генплан б-ча калыбына кел­тирилген. Барокко стилиндеги чиркөөлөр (Вос­кресенье, 1761–68; Николай, 1712–20) ж-а үйлөр, соборлор, аялдар монастыры, 17–19-кылымдын ж-а заманбап курулуштары бар. 19–20-кылымдын 2-жа­рымындагы арх-ралык курулуштар басымдуу. Эстеликтер, мемориалдар, акындар И. С. Ники­тиндин ж-а А. В. Кольцовдун үй-музейлери бар. В. – билим берүүнүн, илимдин ж-а мад-ттын ири борбору. Шаарда 56 ил.-из. ж-а констр.-дол­боорлоо ин-ттары, 46 ЖОЖ (филиалдары м-н; а. и. ун-ттер), академиялар (токой, арх-ра-ку­рулуш, мед., тех.), китепканалар, музейлер, «Арсенал», театрлар (опера ж-а балет, драма, жаштар, куурчак), филармония, симфониялык оркестр, цирк ж. б. иштейт. Радио-электрони­ка, авиа-космос (акционердик самолёт куруу), хим. («Воронежшина»), тамак-аш (ун-акшак) өнөржай ишканалары, тепловоз, вагон ремонт­тоо, оор мех. пресс, тоокен байытуу ж-а мед. жабдуу з-ддору, курулуш материалдар, трико­таж буюмдары, резина буткийимдер ж. б. өндү­рүштөрү, шаардын четинде археол., табигый та­рыхый-археол. музей-корук, Д. В. Веневитинов­дун музей-чарбагы бар.

Ад.: Кононов В. И. Воронеж: История города в памятниках и мемориальных досках. Воронеж, 2005.