ВОРОШИЛОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВОРОШИ́ЛОВ Климент Ефремович [(4.2.1881, Бахмут уезди, Верхний кыш. (азыркы Украи­на, Луганский обл. – 2. 12. 1969, Москва)] – сов. мамл. ж-а аскер ишмери. Сов. Союз. Мар­шалы (1935), эки жолку Сов. Союз. Баатыры (1956, 1968), Соц. Эмг. Баатыры (1960). 1918- жылдан Сов.

Армиянын катарында. Гражд. согуш жылдары бир катар командалык жогор­ку кызматтарды аткарган. 1-Атчандар армия­сын уюштургандардын бири ж-а анын Аскердик рев­ячыл кеңешинин мүчөсү. 1924–25-ж. Москва аскер ок­ругунун командачысы ж-а СССР аскер рев-ячыл кеңе­шинин мүчөсү. 1925–34-ж. Аскер ж-а Деңиз иштери б-ча эл комиссары ж-а СССР аскер рев-ячыл кеңешинин төрагасы. 1934–40-ж. СССР коргоо эл комиссары, 1940-жылдан СССР ЭКС- тин төрагасынын орун басары ж-а СССР ЭКСтин алдындагы коргоо к-тинин төрагасы. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары Мамл. коргоо к-ти­нин мүчөсү, Түн.-Батыш багытындагы аскерлерге башкы командачы, Ленинград фронтунун аскер­леринин командачысы, партизан кыймылынын башкы командачысы. 1946-жылдан СССР Ми­нистрлер Советинин төрагасынын орун басары. 1953–60-жылдары СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы. МЭРдин Баатыры. 8 Ленин, 6 Кызыл Туу, 1-даражадагы Суворов ор­дендери, Өзбек, Тажик ССРлеринин, ЗСФСРдин Кызыл Туу ордендери, чет өлкөлүк ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган. Сөөгү Москвада Кызыл Аянтка коюлган. Бишкекте В. атн. кө­чө бар.