ВРАНГЕЛЬ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВРА́НГЕЛЬ Фердинанд Петрович (Фердинанд Фридрих Георг Людвиг) [1797, Псков –1870, Дерпт (Тарту), Эстония] – орус деңиз саякатчысы, барон (1855), адмирал (1856), генераладъютант (1856), корр. мүчө (1827), Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1855). Деңиз кадет корпусун бүткөн (1815). Орус география коомун уюштуруучулардын бири. 1817–19-ж. В. «Камчатка» кемеси м-н дүйнөнү айланып чыккан экспедицияга катышкан. 1820–24-ж. Колыма экспедициясына башчылык кылып, Сибирди чулгаган Муз деңизин, Сибирдин түн.-чыгыш жээктерин, Индигирка д-нын чатынан Колючи булуңчасына чейинки аралыкты изилдеген. Аюулуу а-н картага түшүрүп, Кол ыма д-нын чатынан түндүктө ж-а Шелаг тумшугу тушта ачык деңиз (мурда кургактык деп божомолдонгон) бар экенин аныктаган. Полярдык деңиз толугу м-н тоңбогонун далилдеп, арал бар экенин айткан. Ал аралды 1867-ж. Т. Лонг ачып, В-нын ысымынан аталган 1824–27-ж. «Кроткий» кемеси м-н дүйнөнү айланып чыккан орус экспедициясын, 1829–35-ж. Аляскада жашаган орус тургундарын жетектеген. Лондондогу география король коомунун корр. мүчөсү (1837). Демидов сыйлыгы (1842) ж-а 4-даражадагы Ыйык Георгий ордени м-н сыйланган (1837). Анын атынан Түн. Муз ж-а Тынч океандарындагы аралдар, Аляскадагы тоо, тумшук, бухта ж-а Алеут а-ндагы тоо атал ган.
Ад.: Пасецкий В. М. Врангель Ф.П. М., 1975; Давыдов Ю. В. Врангель В. Ф. М., 1959; Масленников Б. Г. Морская карта рассказывает/ 2-е изд. М., 1986.