ВРУБЕЛЬ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВРУ́БЕЛЬ Михаил Александрович [5(17).3.1856, Омск – 1(14).4.1910, Петербург] – орус живописчиси.


1880–84-ж. Петербург көркөм сүрөт академиясында П. П. Чистяковдон окуган. Н. Н. Ге м-н А. А. Ивановдун салттарын улантып, өз чыг-лыгында адам турмушу, жакшы м-н жаман, адамдын коомдогу орду ж-дөгү филос. ж-а моралдык проблемаларга кайрылган. 1884–
89-ж. Киевде жашап, Кирилл чиркөөсү м-н Владимир соборун кооздоого катышкан. 1889-ж. Москвада меценат С. И. Мамонтовдун көркөм ийримине кирет. «Венеция» (1893, Орус музейи), «Испания» (1894, Третьяков гал.) аттуу белгилүү чыгармаларын жаратат. Н. А. Римский-Корсаковдун «Садко» (1897), «Падыша кызы» (1899), «Салтан падыша тууралуу жомок» (1900) спектаклдерин жасалгалайт. В. – «Перс килеминин фонунда кыз көрүнүшү» (1886, Киев, Орус искво музейи) картинасынын, Н. И. Забела-Врубелдин (1898) портретинин, М. Ю. Лермонтовдун «Измаил-бей», «Демон», «Биздин замандын каарманы» чыгармаларына тарткан атактуу иллюстрациялардын авт ору.
Ад.: Ягодовская А. Т. М. А. Врубель. Л., 1966.