ВУРГУН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВУРГУН Самед (өз аты-жөнү – Самед Юсиф оглы В е к и л о в) (21.3.1906, Азербайжан, Казак р-ну, Чюхары-Салахлы айылы – 27.5.1956, Баку) – азербайжан эл акыны (1956), драматург, коомдук ишмер. Азербайжан ИАнын академиги (1945). Алгачкы ырлары 1924-жылдан жарыялана баштаган. В-дун «Акындын анты» (1930), «Фонарь» (1932) ыр жыйнактарында рев-я, жаңы турмуш темасы орун алган. Ыр м-н жазылган «Вагиф» (1937; 1941-ж. СССР мамл. сыйл.) ж-а «Хандар» (1939) тарыхый драмалары көтөрүлүшчүлөрдүн тагдырына арналган. Низаминин «Хосров менен Ширин» поэмасынын сюжетинин негизинде ыр м-н «Фархад- Ширин» драмасын жазган (1941; 1942-ж. СССР мамл. сыйл.). «Эне сөзү» (1941), «Украин партизандары» (1942), «Мага ошондой деди» (1943), «Негр сүйлөйт» (1948), «Ленинди окуп» (1950), «Кылымдын туусу» (1954) поэмалары ж-а «Өрттөнгөн китеп» (1947) аттуу ыр циклдери жарык көргөн. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жаралган «Эски достор» (1947), «Мугань» (1949), «Айгюн» (1951) ж. б. поэмаларында атамекенге болгон сүйүү, достук сезимдери чагылдырылган. А. С. Пушкиндин «Евгений Онегин», Низаминин «Лайли менен Мажнун», Ш. Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» дастандарын азербайжан тилине которгон. В. СССР Жогорку Советине (1–4-шайланышынын) депутат. Эки Ленин ордени, башка орден ж-а медалдар м-н сыйланган.