ВЯТКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВЯ́ТКА – Россиянын Киров обл. м-н Татарстан­дагы дарыя, Каманын оң куймасы. Уз. 1314 км, алабынын аянты 129 миң км2. Жогорку Кама дөңсөөсүнөн (Удмуртия) башталат. Кө­бүнчө түздүк аркылуу агат. Негизги куймала­ры: Кобра, Молома, Пижма (оң), Чепца, Киль­мезь (сол). Орт. чыгымы 890 м3/сек. Ноябрдан майга чейин тоңот. Киров ш-нан, жазында Кирс пристанынан баштап кеме жүрөт. Сал агызы­лат. Боюнда Слободской, Киров-Чепецк, Киров, Орлов, Советск, Халтурин, Котельнич, Вятские Поляны ш. жайгашкан.