ВИТАМИНДЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
vol2_>KadyrM
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ВИТАМИНДЕР''' (лат. vita – тиричилик) – орга­низмдеги нормалдуу зат алмашууда ж-а тири­чилик аракетинде чоң мааниси бар биол. ак­тивдүү заттар; тамактануунун алмаштыргыс фактору. «В.» терминин поляк окумуштуусу К. Функ 1912-ж. сунуштаган. В-дин көбү фер­менттердин негизги курамына кирип, зат алма­шууну жөнгө салат, денеде болуучу хим. реак­цияларды күчөтөт, о. эле ферменттердин пайда болушуна ж-а алардын функциясына катышат. Дененин тамак заттарды өздөштүрүүсүнө таасир этип, клеткалардын өсүшүнө ж-а бүтүндөй орга­низмдин өрчүшүнө түрткү берет. Адам сапаттуу ж-а түрдүүлөп тамактанганда В-ди тамак-аш м-н эле жетиштүү кабыл алат.
'''ВИТАМИНДЕР''' (лат. vita – тиричилик) – орга­низмдеги нормалдуу зат алмашууда ж-а тири­чилик аракетинде чоң мааниси бар биол. ак­тивдүү заттар; тамактануунун алмаштыргыс фактору. «В.» терминин поляк окумуштуусу К. Функ 1912-ж. сунуштаган. В-дин көбү фер­менттердин негизги курамына кирип, зат алма­шууну жөнгө салат, денеде болуучу хим. реак­цияларды күчөтөт, о. эле ферменттердин пайда болушуна ж-а алардын функциясына катышат. Дененин тамак заттарды өздөштүрүүсүнө таасир этип, клеткалардын өсүшүнө ж-а бүтүндөй орга­низмдин өрчүшүнө түрткү берет. Адам сапаттуу ж-а түрдүүлөп тамактанганда В-ди тамак-аш м-н эле жетиштүү кабыл алат. Алардын кээ бири

Алардын кээ бири ичегидеги пайдалуу микроорганизмдердин тири&shy;чилигинде синтезделет, бирок алар организмдин муктаждыгын толук канааттандыра албайт. Кээ бир азыктарда В. жетишсиз болот. Ошондук&shy;тан бир өңчөй, витаминдери аз тамак-аш м-н тамактануу, о. эле организм В-ди өздөштүрө  албай калгандан анын жетишсиздиги (гипо&shy;ж-а ''авитаминоздор'') пайда болот. В-ди өтө көп кабыл алуу ''гипервитаминоз'' оорусуна алып келет. Организмдин В-ди кабыл алуусу анын физиол. абалына жараша болот. Дененин өсүү учурунда, кошбойлуу ж-а эмчек эмизген убак&shy;та, оору абалда ж-а оорудан кийин, кара жу&shy;муш же акыл эмгеги м-н көп иштегенде ж. б. учурда В. көп өлчөмдө талап кылынат. Орга&shy;низм карыганда В-ди өздөштүрүү начарлайт. В-дин 30га жакын түрү белгилүү. Алардын хим. түзүлүшүн, физиол. таасирин изилдөө м-н ай&shy;рым В-ди синтездеп алууга мүмкүн болду. Өнөр&shy;жайда витаминдүү дарылар ж-а витаминделген тамак-аш продуктулары чыгарылат. Мал чар&shy;басында да В-дин мааниси чоң, тоютта вита&shy;мин жетиштүү болсо, мал ылаңга көп учурабай, кунардуу келип, андан алынган азык-түлүктүн сапаты жогорулайт. <br><br>
 
ичегидеги пайдалуу микроорганизмдердин тири&shy;чилигинде синтезделет, бирок алар организмдин муктаждыгын толук канааттандыра албайт. Кээ бир азыктарда В. жетишсиз болот. Ошондук&shy;тан бир өңчөй, витаминдери аз тамак-аш м-н тамактануу, о. эле организм В-ди өздөштүрө  албай калгандан анын жетишсиздиги (гипо&shy;ж-а ''авитаминоздор'') пайда болот. В-ди өтө көп кабыл алуу ''гипервитаминоз'' оорусуна алып келет. Организмдин В-ди кабыл алуусу анын физиол. абалына жараша болот. Дененин өсүү учурунда, кошбойлуу ж-а эмчек эмизген убак&shy;та, оору абалда ж-а оорудан кийин, кара жу&shy;муш же акыл эмгеги м-н көп иштегенде ж. б.
<br/>учурда В. көп өлчөмдө талап кылынат. Орга&shy;низм карыганда В-ди өздөштүрүү начарлайт. В-дин 30га жакын түрү белгилүү. Алардын хим. түзүлүшүн, физиол. таасирин изилдөө м-н ай&shy;рым В-ди синтездеп алууга мүмкүн болду. Өнөр&shy;жайда витаминдүү дарылар ж-а витаминделген тамак-аш продуктулары чыгарылат. Мал чар&shy;басында да В-дин мааниси чоң, тоютта вита&shy;мин жетиштүү болсо, мал ылаңга көп учурабай, кунардуу келип, андан алынган азык-түлүктүн сапаты жогорулайт.  
А с к о р б и н к - т а с ы (С витамини) өсүмдүктөрдө (айрыкча жашылча ж-а жемиште) ж-а көпчүлүк жаныбарларда (при&shy;маттар, деңиз чочкосу ж-а кишиден башка) син&shy;тезделет. Ал организмдеги окистенүү-калыбы&shy;на келүү, зат алмашуу, айрыкча белок алма&shy;шууда мааниси чоң. Организмдин жакшы же&shy;тилүүсүнө түрткү болот, чөйрө шартына турук&shy;туулугун жогорулатат. Ал жемиште, жашыл&shy;чада, мөмөдө, айрыкча итмурун м-н чычырка&shy;нак ашында, кызыл калемпирде, апельсин, лимондо көп. Анын жетишсиздиги цинга оору&shy;суна алып келет.  

Т и а м и н – В<sub>1 </sub>витаминин өсүмдүктөр ж-а кээ бир микроорганизмдер син&shy;тездешет. Организмдеги углевод алмашууга ка&shy;тышат. Ал ачыткыда, айрыкча кургак пиво ачыткычы м-н нан квасында көп. В<sub>1 </sub>витамини чанактуу ж-а дан өсүмдүктөрүндө, акшакта (ка&shy;ракүрүч, сулу акшагы) арбын.  

Р и б о ф л а&shy;в и н (В<sub>2 </sub>витамини), микроорганизмдер ж-а өсүмдүктөр синтездешет, киши ж-а жаныбар тамак-аш, тоют м-н алат. Организмдин өсүүсүнө таасир тийгизет, өсүү фактору болуп эсептелет. Белок, май, углевод алмашууга катышат. Жа&shy;ранын айыгышына түрткү берет, борб. нерв сис&shy;темасынын абалын жөнгө салат, көздүн тунук челиндеги, чечекейдеги ж-а тор кабыкчасында&shy;гы зат алмашуу процессине таасир этип, жа&shy;рык көрүүнү ж-а түс ажыратууну камсыз кы&shy;лат. Ал жумурткада, этте, боордо, жержаңгак, соя, буурчакта, айрыкча ачыткы м-н сүттө көп болот.  

Н и к о т и н к - т а с ы (РР витамини) көпчүлүк жаныбарлардын ичеги микрофлорасы синтездейт, клетканын демалуусуна, белок ал&shy;машууга катышат, карындын маңыз бөлүү ж-а жыйрылуу функциясын жөнгө салат, уйку бе&shy;зинин маңыз бөлүүсүн жакшыртат, боор ишин оңойт. Бул витамин боор, бөйрөк, ачыткы, эт, сүт, о. эле буурчак өсүмдүктөрүндө, буудай унун&shy;да, каракүрүчтө, козугарында көп.  

П и р и д о кс и н (В<sub>6</sub> витамини), ичеги бактериялары синтездейт. Ал белоктун негизин түзүүчү амин к-та&shy;ларынын алмашуусуна катышат, белок ж-а майдын сиңишин камсыз кылат, зат алмашуу&shy;да мааниси чоң. В<sub>6 </sub>витаминин өсүп жаткан бала организми, боюнда бар аялдар, түндүктө жа&shy;шаган элдер көп талап кылат.  

П а н т о т е н к - т а с ы (В<sub>5</sub> витамини), жалпы өсүмдүктөр, микроорганизмдер, а. и. ичеги микрофлорасы синтездейт. Анын зат алмашуу процессинде мааниси чоң. Табиятта кеңири таралган. Ал нерв системасына ж-а бөйрөк үстүндөгү без м-н калкансымал бездин ишине таасир этет.  

Ц и а-н о к о б а л а м и н (В<sub>12</sub> витамини) микрооргаизмдер синтездейт. Биол. өтө активдүү зат. Бул витамин бардык жаныбарга керек. Ал метио&shy;нин, нуклеин к-таларынын синтезине, кан пай&shy;да болуу процессине ж. б. катышат, о. эле нерв талчаларынын регенерациясына таасир этет, боордун иштешин жакшыртат. Организмге та&shy;мак-аш м-н келет, о. эле ичеги микроорганизмдерди синтездейт. В<sub>12</sub> витамини жаныбар тектүү азыктарда, айрыкча уйдун боорунда көп. Меди&shy;цинада ж-а ветеринарияда кеңири колдонулат.  

Р е т и н о л (А витамини) табиятта кеңири таралган, деңиз балыктары ж. б. жаныбарлар&shy;дын боорунда көп. Ал көрүү пигментинин пай&shy;да болушуна катышат, организмдин нормалдуу өсүшүн камсыз кылат. Өсүмдүк азыктарында провитамин – каротиноид пигменттери түрүндө кездешет. Каротиноиддерге сабиз, томат, кызыл калемпир, көк пияз, козугулак, салат, итму&shy;рун, чычырканак, четин ж. б-дын мөмөлөрү бай.  
Р е т и н о л (А витамини) табиятта кеңири таралган, деңиз балыктары ж. б. жаныбарлар&shy;дын боорунда көп. Ал көрүү пигментинин пай&shy;да болушуна катышат, организмдин нормалдуу өсүшүн камсыз кылат. Өсүмдүк азыктарында провитамин – каротиноид пигменттери түрүндө кездешет.Каротиноиддерге сабиз, томат, кызыл калемпир, көк пияз, козугулак, салат, итму&shy;рун, чычырканак, четин ж. б-дын мөмөлөрү бай.  
 
К а л ь ц и ф е р о л (Д витамини) организмде кальций ж-а фосфор зат алмашууга, сөөк пай&shy;да кылууга катышат. Эргокальциферол ж-а хо&shy;лекальциферол түрүндө болот. Биринчиси син&shy;тез жолу м-н алынат, экинчисин киши ж-а жаныбар организми күн нурунун таасири м-н пайда кылат. Д витамини өспүрүм балдарга, боюнда бар ж-а бала эмизген аялдарга көп ке&shy;рек. Треска ж. б. балыктын боорунда көп болот.  

Т о к о ф е р о л д о р (Е витамини) 7 витаминден турган топ; өсүмдүктөр синтездейт, киши ж-а жаныбар тамак-аш, тоют м-н алат. Ал булчуңдардын иштешин ж-а жыныс безде&shy;ринин ишин күчөтөт.  
Т о к о ф е р о л д о р (Е витамини) 7 витаминден турган топ; өсүмдүктөр синтездейт, киши ж-а жаныбар тамак-аш, тоют м-н алат. Ал булчуңдардын иштешин ж-а жыныс безде&shy;ринин ишин күчөтөт.  
Ф и л л о х и н о н (К<sub>1 </sub> витамини) – кан уюу процессинде катышуучу маанилүү фактор. Анын жетишсиздиги аркан&shy;дай органдардан (мурун, бүйлө, ичеги-карын) кан агууга, тукумсуздукка, булчуң дистрофиясына, анемияга (аз кандуулукка), балдардын көрүү&shy;сүнүн бузулушуна алып келет (к. ''Авитаминоз''). К<sub>1 </sub>витамини өсүмдүктүн жашыл бөлүгүндө (шпинат, капуста, чалкан ж. б.), о. эле сабиз, то&shy;матта болот. Медицинада синтез жолу м-н алынган түрү – викасол ж-а синкавит колдо&shy;нулат.

<br><br>
Ад.: ''Романовский В. Е.'' Витамины и витаминоте&shy;рапия. Ростов-на-Дону, 2000; ''Спиричев В. Б.'' Вита&shy;мины, витаминоподобные и минеральные вещества. М., 2004. ''Б. Бегалиева, Д. Акматова.''  
Ад.: ''Романовский В. Е.'' Витамины и витаминоте&shy;рапия. Ростов-на-Дону, 2000; ''Спиричев В. Б.'' Вита&shy;мины, витаминоподобные и минеральные вещества. М., 2004. ''Б. Бегалиева, Д. Акматова.''  
[[Category: 2-том, 500-554 бб]]
[[Category: 2-том]]
 
06:06, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИТАМИНДЕР (лат. vita – тиричилик) – орга­низмдеги нормалдуу зат алмашууда ж-а тири­чилик аракетинде чоң мааниси бар биол. ак­тивдүү заттар; тамактануунун алмаштыргыс фактору. «В.» терминин поляк окумуштуусу К. Функ 1912-ж. сунуштаган. В-дин көбү фер­менттердин негизги курамына кирип, зат алма­шууну жөнгө салат, денеде болуучу хим. реак­цияларды күчөтөт, о. эле ферменттердин пайда болушуна ж-а алардын функциясына катышат. Дененин тамак заттарды өздөштүрүүсүнө таасир этип, клеткалардын өсүшүнө ж-а бүтүндөй орга­низмдин өрчүшүнө түрткү берет. Адам сапаттуу ж-а түрдүүлөп тамактанганда В-ди тамак-аш м-н эле жетиштүү кабыл алат. Алардын кээ бири

ичегидеги пайдалуу микроорганизмдердин тири­чилигинде синтезделет, бирок алар организмдин муктаждыгын толук канааттандыра албайт. Кээ бир азыктарда В. жетишсиз болот. Ошондук­тан бир өңчөй, витаминдери аз тамак-аш м-н тамактануу, о. эле организм В-ди өздөштүрө албай калгандан анын жетишсиздиги (гипо­ж-а авитаминоздор) пайда болот. В-ди өтө көп кабыл алуу гипервитаминоз оорусуна алып келет. Организмдин В-ди кабыл алуусу анын физиол. абалына жараша болот. Дененин өсүү учурунда, кошбойлуу ж-а эмчек эмизген убак­та, оору абалда ж-а оорудан кийин, кара жу­муш же акыл эмгеги м-н көп иштегенде ж. б.
учурда В. көп өлчөмдө талап кылынат. Орга­низм карыганда В-ди өздөштүрүү начарлайт. В-дин 30га жакын түрү белгилүү. Алардын хим. түзүлүшүн, физиол. таасирин изилдөө м-н ай­рым В-ди синтездеп алууга мүмкүн болду. Өнөр­жайда витаминдүү дарылар ж-а витаминделген тамак-аш продуктулары чыгарылат. Мал чар­басында да В-дин мааниси чоң, тоютта вита­мин жетиштүү болсо, мал ылаңга көп учурабай, кунардуу келип, андан алынган азык-түлүктүн сапаты жогорулайт. А с к о р б и н к - т а с ы (С витамини) өсүмдүктөрдө (айрыкча жашылча ж-а жемиште) ж-а көпчүлүк жаныбарларда (при­маттар, деңиз чочкосу ж-а кишиден башка) син­тезделет. Ал организмдеги окистенүү-калыбы­на келүү, зат алмашуу, айрыкча белок алма­шууда мааниси чоң. Организмдин жакшы же­тилүүсүнө түрткү болот, чөйрө шартына турук­туулугун жогорулатат. Ал жемиште, жашыл­чада, мөмөдө, айрыкча итмурун м-н чычырка­нак ашында, кызыл калемпирде, апельсин, лимондо көп. Анын жетишсиздиги цинга оору­суна алып келет. Т и а м и н – В1 витаминин өсүмдүктөр ж-а кээ бир микроорганизмдер син­тездешет. Организмдеги углевод алмашууга ка­тышат. Ал ачыткыда, айрыкча кургак пиво ачыткычы м-н нан квасында көп. В1 витамини чанактуу ж-а дан өсүмдүктөрүндө, акшакта (ка­ракүрүч, сулу акшагы) арбын. Р и б о ф л а­в и н (В2 витамини), микроорганизмдер ж-а өсүмдүктөр синтездешет, киши ж-а жаныбар тамак-аш, тоют м-н алат. Организмдин өсүүсүнө таасир тийгизет, өсүү фактору болуп эсептелет. Белок, май, углевод алмашууга катышат. Жа­ранын айыгышына түрткү берет, борб. нерв сис­темасынын абалын жөнгө салат, көздүн тунук челиндеги, чечекейдеги ж-а тор кабыкчасында­гы зат алмашуу процессине таасир этип, жа­рык көрүүнү ж-а түс ажыратууну камсыз кы­лат. Ал жумурткада, этте, боордо, жержаңгак, соя, буурчакта, айрыкча ачыткы м-н сүттө көп болот. Н и к о т и н к - т а с ы (РР витамини) көпчүлүк жаныбарлардын ичеги микрофлорасы синтездейт, клетканын демалуусуна, белок ал­машууга катышат, карындын маңыз бөлүү ж-а жыйрылуу функциясын жөнгө салат, уйку бе­зинин маңыз бөлүүсүн жакшыртат, боор ишин оңойт. Бул витамин боор, бөйрөк, ачыткы, эт, сүт, о. эле буурчак өсүмдүктөрүндө, буудай унун­да, каракүрүчтө, козугарында көп. П и р и д о кс и н (В6 витамини), ичеги бактериялары синтездейт. Ал белоктун негизин түзүүчү амин к-та­ларынын алмашуусуна катышат, белок ж-а майдын сиңишин камсыз кылат, зат алмашуу­да мааниси чоң. В6 витаминин өсүп жаткан бала организми, боюнда бар аялдар, түндүктө жа­шаган элдер көп талап кылат. П а н т о т е н к - т а с ы (В5 витамини), жалпы өсүмдүктөр, микроорганизмдер, а. и. ичеги микрофлорасы синтездейт. Анын зат алмашуу процессинде мааниси чоң. Табиятта кеңири таралган. Ал нерв системасына ж-а бөйрөк үстүндөгү без м-н калкансымал бездин ишине таасир этет. Ц и а-н о к о б а л а м и н (В12 витамини) микрооргаизмдер синтездейт. Биол. өтө активдүү зат. Бул витамин бардык жаныбарга керек. Ал метио­нин, нуклеин к-таларынын синтезине, кан пай­да болуу процессине ж. б. катышат, о. эле нерв талчаларынын регенерациясына таасир этет, боордун иштешин жакшыртат. Организмге та­мак-аш м-н келет, о. эле ичеги микроорганизмдерди синтездейт. В12 витамини жаныбар тектүү азыктарда, айрыкча уйдун боорунда көп. Меди­цинада ж-а ветеринарияда кеңири колдонулат. Р е т и н о л (А витамини) табиятта кеңири таралган, деңиз балыктары ж. б. жаныбарлар­дын боорунда көп. Ал көрүү пигментинин пай­да болушуна катышат, организмдин нормалдуу өсүшүн камсыз кылат. Өсүмдүк азыктарында провитамин – каротиноид пигменттери түрүндө кездешет. Каротиноиддерге сабиз, томат, кызыл калемпир, көк пияз, козугулак, салат, итму­рун, чычырканак, четин ж. б-дын мөмөлөрү бай. К а л ь ц и ф е р о л (Д витамини) организмде кальций ж-а фосфор зат алмашууга, сөөк пай­да кылууга катышат. Эргокальциферол ж-а хо­лекальциферол түрүндө болот. Биринчиси син­тез жолу м-н алынат, экинчисин киши ж-а жаныбар организми күн нурунун таасири м-н пайда кылат. Д витамини өспүрүм балдарга, боюнда бар ж-а бала эмизген аялдарга көп ке­рек. Треска ж. б. балыктын боорунда көп болот. Т о к о ф е р о л д о р (Е витамини) 7 витаминден турган топ; өсүмдүктөр синтездейт, киши ж-а жаныбар тамак-аш, тоют м-н алат. Ал булчуңдардын иштешин ж-а жыныс безде­ринин ишин күчөтөт. Ф и л л о х и н о н (К1 витамини) – кан уюу процессинде катышуучу маанилүү фактор. Анын жетишсиздиги аркан­дай органдардан (мурун, бүйлө, ичеги-карын) кан агууга, тукумсуздукка, булчуң дистрофиясына, анемияга (аз кандуулукка), балдардын көрүү­сүнүн бузулушуна алып келет (к. Авитаминоз). К1 витамини өсүмдүктүн жашыл бөлүгүндө (шпинат, капуста, чалкан ж. б.), о. эле сабиз, то­матта болот. Медицинада синтез жолу м-н алынган түрү – викасол ж-а синкавит колдо­нулат.

Ад.: Романовский В. Е. Витамины и витаминоте­рапия. Ростов-на-Дону, 2000; Спиричев В. Б. Вита­мины, витаминоподобные и минеральные вещества. М., 2004. Б. Бегалиева, Д. Акматова.