ВАЛЬЯДОЛИД: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
ВАЛЬЯДОЛ́ИД – Испаниянын түш. бөлүгүндөгү шаар. Эски Кастилия тарыхый аймагынын негизги шаары ж-а Вальядолид провинциясынын адм. борбору. Калкы 332,9 миӊ (2006). 1074-жылдан эскерилет. Машина куруу ж-а трактор кураштыруу, металлургия (болот, алюминий эритилет), тамак-аш (негизинен ун), хим. (азот жер семирткичи), жүн, булгаары өнөр жайы, ун-т, король сүрөт академиясы, калк китепканасы, музейлер бар; темир жол жабдуулары чыгарылат. Зергерчилик өнүккөн. Санта-Мария ла Антигуа (11–14-к.), Сан-Пабло (15-к.; платереско стилинде), Сантьяго ж. б. чиркөөлөр, галерея м-н тегерете курчалган Пласа Майор аянты (16-к.) ж. б. сакталган. Х. Колумбга эстелик тургузулган (ал ушул шаарда каза болгон).