ГУАНЧЖОУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГУАНЧЖО́У, К а н т о н – Түш. Кытайдагы ири шаар ж-а экон. борбор. Порт (жылына 15 млн т жүк ташылат). Гуандун провинциясынын адм. борбору. Түш. Кытай деӊизине жакын (110 км), Чжуцзян д-нын дельтасында жайгашкан. Калкы 10,0 млн (2020). Эл аралык аэропорту бар. Текстиль (жут, рапс, пахта, жибек), тамак-аш (кант ж. б.) ж-а целлюлоза-кагаз, о. эле кара металлургия, машина куруу, хим., цемент, резина, булгаары-бут кийим, полигр. өнөр жай ишканалары иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Сунь Ятсен атн. ун-т бар. Б. з. ч. 3-к. ченде пайда болгон.