ВИРУСТУУ ГЕПАТИТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ВИРУСТУУ ГЕПАТИ́Т ''', б о т к и н о о р у с у – боорду жабыркатуучу катуу кармаган жугуш­туу оору. Аны 2 түрдүү вирустар (А ж-а В) коз­гоп, бири жугуштуу гепатит, экинчиси кан са­ры суу гепатити деп аталат. 1888-жылы С. П. ''Бот­кин'' бул оорунун жугуштуу экенин айткан. Оору­луу заңы м-н вирус бөлүп чыгарып, айлана ­чөйрөнү булгайт. Оорунун пайда болушуна та­залыктын жоктугу, жеке гигиенаны сактабоо себеп болот. Оорунун козгогучу дени соо киши­ге вирус м-н булганган тамак-аш, сүлгү, оюн­чук, идиш-аяк, кир кол, чымын-чиркей, чала стерилденген медициналык аспаптар аркылуу, Вирустуу гепатит  м-н ооруган донордон алынган канды же плазманы куйганда кан сары суу гепатити жугат. Вирус соо кишиге жуккандан кийин 3–6 жумага, кээ­де 1 жылга чейин оорунун белгиси байкалбайт (инкубациялык – жашыруун мезгил). Оору баш­талганда адамдын алы кетип, тез чарчайт; та­макка табити тартпайт, ооздун ичи ачуу даам­данып, кекирет, окшуп кусат, ичи ооруйт, өтүшү да мүмкүн. Кээде башы ооруп, чүчкүрүп, мурун бүтүп, жөтөлөт, булчуңдар, муундар ооруйт, эти ысыйт (кээде 39–40°Сге жетет); заара пиво же коюу чайдын өңүнө окшоп, заңы бозоруп, агыш тартат. Андан кийин көздүн агы, дене сарга­рат, боор ж-а көк боор чоңоёт. Дарылоо оорука­нада врачтын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Мүнөздөп тамактануу, витаминдүү, углевод, белок заттарга бай тамак-аш жеп, суусунду (жемиш ширеси, глюкоза, бал кошулган суу, компот) көп ичүү талапка ылайык. Вирустуу гепатиттин алдын алууда оору кишини эрте ооруканага жаткырып, турак жай­га ''дезинфекция'' жүргүзүлөт. Оорулуу м-н бирге болгондор медициналык көзөмөлдө болот. Жеке гигиена­ны сактоо, донорлорду жакшылап текшерүү, медициналык аспаптарды абдан стерилдөө талапка ыла­йык. Эгерде режимди туура, так сактабаса оору кабылдап, ''циррозго'' (боордун катышы) айланып кетүүсү мүмкүн.  
'''ВИРУСТУУ ГЕПАТИ́Т ''', б о т к и н   о о р у с у – боорду жабыркатуучу катуу кармаган жугуш­туу оору. Аны 2 түрдүү вирустар (А ж-а В) коз­гоп, бири жугуштуу гепатит, экинчиси кан са­ры суу гепатити деп аталат. 1888-жылы С. П. ''Бот­кин'' бул оорунун жугуштуу экенин айткан. Оору­луу заңы м-н вирус бөлүп чыгарып, айлана ­чөйрөнү булгайт. Оорунун пайда болушуна та­залыктын жоктугу, жеке гигиенаны сактабоо себеп болот. Оорунун козгогучу дени соо киши­ге вирус м-н булганган тамак-аш, сүлгү, оюн­чук, идиш-аяк, кир кол, чымын-чиркей, чала стерилденген медициналык аспаптар аркылуу, вирустуу гепатит  м-н ооруган донордон алынган канды же плазманы куйганда кан сары суу гепатити жугат. Вирус соо кишиге жуккандан кийин 3–6 жумага, кээ­де 1 жылга чейин оорунун белгиси байкалбайт (инкубациялык – жашыруун мезгил). Оору баш­талганда адамдын алы кетип, тез чарчайт; та­макка табити тартпайт, ооздун ичи ачуу даам­данып, кекирет, окшуп кусат, ичи ооруйт, өтүшү да мүмкүн. Кээде башы ооруп, чүчкүрүп, мурун бүтүп, жөтөлөт, булчуңдар, муундар ооруйт, эти ысыйт (кээде 39–40°Сге жетет); заара пиво же коюу чайдын өңүнө окшоп, заңы бозоруп, агыш тартат. Андан кийин көздүн агы, дене сарга­рат, боор ж-а көк боор чоңоёт. Дарылоо оорука­нада врачтын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Мүнөздөп тамактануу, витаминдүү, углевод, белок заттарга бай тамак-аш жеп, суусунду (жемиш ширеси, глюкоза, бал кошулган суу, компот) көп ичүү талапка ылайык. Вирустуу гепатиттин алдын алууда оору кишини эрте ооруканага жаткырып, турак жай­га ''дезинфекция'' жүргүзүлөт. Оорулуу м-н бирге болгондор медициналык көзөмөлдө болот. Жеке гигиена­ны сактоо, донорлорду жакшылап текшерүү, медициналык аспаптарды абдан стерилдөө талапка ыла­йык. Эгерде режимди туура, так сактабаса оору кабылдап, ''циррозго'' (боордун катышы) айланып кетүүсү мүмкүн.  
[[Category: 2-том, 500-554 бб]]
[[Category: 2-том, 500-554 бб]]

04:50, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

ВИРУСТУУ ГЕПАТИ́Т , б о т к и н о о р у с у – боорду жабыркатуучу катуу кармаган жугуш­туу оору. Аны 2 түрдүү вирустар (А ж-а В) коз­гоп, бири жугуштуу гепатит, экинчиси кан са­ры суу гепатити деп аталат. 1888-жылы С. П. Бот­кин бул оорунун жугуштуу экенин айткан. Оору­луу заңы м-н вирус бөлүп чыгарып, айлана ­чөйрөнү булгайт. Оорунун пайда болушуна та­залыктын жоктугу, жеке гигиенаны сактабоо себеп болот. Оорунун козгогучу дени соо киши­ге вирус м-н булганган тамак-аш, сүлгү, оюн­чук, идиш-аяк, кир кол, чымын-чиркей, чала стерилденген медициналык аспаптар аркылуу, вирустуу гепатит м-н ооруган донордон алынган канды же плазманы куйганда кан сары суу гепатити жугат. Вирус соо кишиге жуккандан кийин 3–6 жумага, кээ­де 1 жылга чейин оорунун белгиси байкалбайт (инкубациялык – жашыруун мезгил). Оору баш­талганда адамдын алы кетип, тез чарчайт; та­макка табити тартпайт, ооздун ичи ачуу даам­данып, кекирет, окшуп кусат, ичи ооруйт, өтүшү да мүмкүн. Кээде башы ооруп, чүчкүрүп, мурун бүтүп, жөтөлөт, булчуңдар, муундар ооруйт, эти ысыйт (кээде 39–40°Сге жетет); заара пиво же коюу чайдын өңүнө окшоп, заңы бозоруп, агыш тартат. Андан кийин көздүн агы, дене сарга­рат, боор ж-а көк боор чоңоёт. Дарылоо оорука­нада врачтын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Мүнөздөп тамактануу, витаминдүү, углевод, белок заттарга бай тамак-аш жеп, суусунду (жемиш ширеси, глюкоза, бал кошулган суу, компот) көп ичүү талапка ылайык. Вирустуу гепатиттин алдын алууда оору кишини эрте ооруканага жаткырып, турак жай­га дезинфекция жүргүзүлөт. Оорулуу м-н бирге болгондор медициналык көзөмөлдө болот. Жеке гигиена­ны сактоо, донорлорду жакшылап текшерүү, медициналык аспаптарды абдан стерилдөө талапка ыла­йык. Эгерде режимди туура, так сактабаса оору кабылдап, циррозго (боордун катышы) айланып кетүүсү мүмкүн.