ВИСМУТ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИ́СМУТ '''(Bismuthum), Bi – ''элементтердин мезгилдик системасынын'' V тобунан орун ал­ган химиялык элемент; атомдук номери 83, атомдук массасы 208,9; турук­туу бир изотоптон <sup>209</sup>Bi турат. Табиятта эркин ж-а бирикмелер түрүндө кездешет. Анын эң ке­ңири таралган минералдары Bi<sub>2</sub>S<sub>3 </sub>(висмут жал­тырагы) ж-а Bi<sub>2</sub>О<sub>3 </sub>(бисмит). Жер кыртышында массасы боюнча 2 · 10<sup>–5 </sup>%ти түзөт. Висмут – күмүш түс­пөл боз металл; тыгыздыгы 9,80 ''г/см''<sup>3</sup>, эрүү t 271,3°С. Бирикмелеринде 2, 3, 5 валенттүү. Кур­гак абада туруктуу, жогорку температурада күйүп, сары түстөгү оксидин Bi<sub>2</sub>О<sub>3 </sub>пайда кылат. Кү­күрттө эриткенде же анын туздарынын эритме­сине күкүрттүү суутекти таасир эткенде, кү­күрттүү | '''ВИ́СМУТ '''(Bismuthum), Bi – ''элементтердин мезгилдик системасынын'' V тобунан орун ал­ган химиялык элемент; атомдук номери 83, атомдук массасы 208,9; турук­туу бир изотоптон <sup>209</sup>Bi турат. Табиятта эркин ж-а бирикмелер түрүндө кездешет. Анын эң ке­ңири таралган минералдары Bi<sub>2</sub>S<sub>3 </sub>(висмут жал­тырагы) ж-а Bi<sub>2</sub>О<sub>3 </sub>(бисмит). Жер кыртышында массасы боюнча 2 · 10<sup>–5 </sup>%ти түзөт. Висмут – күмүш түс­пөл боз металл; тыгыздыгы 9,80 ''г/см''<sup>3</sup>, эрүү t 271,3°С. Бирикмелеринде 2, 3, 5 валенттүү. Кур­гак абада туруктуу, жогорку температурада күйүп, сары түстөгү оксидин Bi<sub>2</sub>О<sub>3 </sub>пайда кылат. Кү­күрттө эриткенде же анын туздарынын эритме­сине күкүрттүү суутекти таасир эткенде, кү­күрттүү висмут пайда болот. Туз ж-а суюлтулган күкүрт кислоталары м-н реакцияга кирбейт. Азот кислотасы м-н нитратты, концентраттык күкүрт кислотасы м-н ысытканда гидросульфатты пайда кылат. ''Галогендер'' м-н BiF<sub>3 </sub>сыяктуу бирикмелерди бе­рет. Анын Мg м-н болгон куймасына НСIду таасир эткенде уулуу газ – Bi<sub>2</sub>Н<sub>3 </sub>пайда болот. Висмут көмүр м-н Bi<sub>2</sub>О<sub>3</sub>тү калыбына келтирүүдөн же күкүрттүн бирикмелеринен темир м-н сүрүп чы­гаруудан алынат: Bi<sub>2</sub>О<sub>3 </sub>+3С = 2Bi + 3СО; Bi<sub>2</sub>S<sub>3</sub>+ + 3Fе = 2Bi + 3FeS. Висмут коргошун, калай, кад­мий ж. б. металлдар м-н куйма алууда, магнит талаасынын чыңалуусун өлчөөчү прибордо, яд­ролук реактордо, көп бирикмелери айнек, ке­рамика жасоодо ж-а медицинада колдонулат. Висмуттун кычкылтек м-н болгон бирикмелери (BiО, Bi<sub>2</sub>О<sub>3</sub>, Bi<sub>2</sub>О<sub>4</sub>, Bi<sub>2</sub>О<sub>5</sub>) висмут оксиддери деп аталат. Висмуттун (III) үч оксиди Bi<sub>2</sub>О<sub>3 </sub>– табиятта бисмит же висмут охрасы аттуу минерал түрүндө кезде­шет. Ал сары түстөгү оор күкүм, ысытканда күрөң же саргыч кызыл түскө өтөт. Сууда эри­бейт, кислоталарда оңой эрип, туздарды пайда кы­лат. BiO – висмут моноксиди, кара түстөгү катуу зат. Nа<sub>3</sub>Biту NН<sub>3</sub>тө кычкылтек м-н окистендир­генде пайда болот. Bi<sub>2</sub>О<sub>5 </sub>– висмуттун пента оксиди, күрөң кристалл. Bi<sub>2</sub>О<sub>3</sub>тү КОНтын суудагы эрит­месинде хлор м-н окистендирүүдөн алынат. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
04:54, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИ́СМУТ (Bismuthum), Bi – элементтердин мезгилдик системасынын V тобунан орун алган химиялык элемент; атомдук номери 83, атомдук массасы 208,9; туруктуу бир изотоптон 209Bi турат. Табиятта эркин ж-а бирикмелер түрүндө кездешет. Анын эң кеңири таралган минералдары Bi2S3 (висмут жалтырагы) ж-а Bi2О3 (бисмит). Жер кыртышында массасы боюнча 2 · 10–5 %ти түзөт. Висмут – күмүш түспөл боз металл; тыгыздыгы 9,80 г/см3, эрүү t 271,3°С. Бирикмелеринде 2, 3, 5 валенттүү. Кургак абада туруктуу, жогорку температурада күйүп, сары түстөгү оксидин Bi2О3 пайда кылат. Күкүрттө эриткенде же анын туздарынын эритмесине күкүрттүү суутекти таасир эткенде, күкүрттүү висмут пайда болот. Туз ж-а суюлтулган күкүрт кислоталары м-н реакцияга кирбейт. Азот кислотасы м-н нитратты, концентраттык күкүрт кислотасы м-н ысытканда гидросульфатты пайда кылат. Галогендер м-н BiF3 сыяктуу бирикмелерди берет. Анын Мg м-н болгон куймасына НСIду таасир эткенде уулуу газ – Bi2Н3 пайда болот. Висмут көмүр м-н Bi2О3тү калыбына келтирүүдөн же күкүрттүн бирикмелеринен темир м-н сүрүп чыгаруудан алынат: Bi2О3 +3С = 2Bi + 3СО; Bi2S3+ + 3Fе = 2Bi + 3FeS. Висмут коргошун, калай, кадмий ж. б. металлдар м-н куйма алууда, магнит талаасынын чыңалуусун өлчөөчү прибордо, ядролук реактордо, көп бирикмелери айнек, керамика жасоодо ж-а медицинада колдонулат. Висмуттун кычкылтек м-н болгон бирикмелери (BiО, Bi2О3, Bi2О4, Bi2О5) висмут оксиддери деп аталат. Висмуттун (III) үч оксиди Bi2О3 – табиятта бисмит же висмут охрасы аттуу минерал түрүндө кездешет. Ал сары түстөгү оор күкүм, ысытканда күрөң же саргыч кызыл түскө өтөт. Сууда эрибейт, кислоталарда оңой эрип, туздарды пайда кылат. BiO – висмут моноксиди, кара түстөгү катуу зат. Nа3Biту NН3тө кычкылтек м-н окистендиргенде пайда болот. Bi2О5 – висмуттун пента оксиди, күрөң кристалл. Bi2О3тү КОНтын суудагы эритмесинде хлор м-н окистендирүүдөн алынат.