ГУДИМЕНКО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГУДИМЕ́НКО Николай Иванович (24.2.1924, Фрунзе – 6.6.1969, ошол эле жер) – Даӊк орденинин толук кавалери. 1942-ж. аскер кызматына чакырылып, 1943-ж. сентябрдан согушка

кирген. Воронеж, Степной, 1–2-Украин фронтторунда согушкан. Румыния, Польша, Чыгыш Померания ж-а Силезияны бошотушкан. Берлин салгылашына катышып, согушту Чехословакияда аяктаган. Румыниянын Яссы, Хуши ш-нын алдында көрсөткөн эрдиги үчүн 3- ж-а 2-даражадагы Даӊк ордени (1944), Сандомир плацдармындагы салгылашууда 100дөн ашык гитлерчилерди жок кылгандыгы үчүн 1-даражадагы Даӊк ордени (1945) м-н сыйланган.