БАЗАРЛЫК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЗАРЛЫК - базарга барган адам өзү сыйлаган адамына белек катары сатып келген буюм. Мурда кыргыздар шаарга жакын болбогондуктан айда, жылда 1-2 жолу гана базарга барган. Базарга барып келүүгө кудурети жоктор барчуларды кулактап, мал, акча беришип, керектүүлөрүн ала келүүнү өтүнгөн. Базарга баруу оңой-олтоң иш болбой, ага аттуу, малдуу, сооданы билген тың кишилер гана барган. Мына ушундай сыймыктуу иштен Б. алып келүү салты пайда болгон.