БАЗИДИОМИЦЕТТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЗИДИОМИЦЕТТЕР , б а з и д и я л у у к оз у г а р ы н д а р (Вазійіотусеіез) - козугарын­дар классы. Булар көп клеткалуу, мицелийлүү, жогорку түзүлүштүү козугарындар, 30 миңден ашык түрү белгилүү. Жыныстык жол м-н пайда болгон экзогендик базидиоспора атайын өсүндү - базидияда жайгашат. Базидия эки яд­ролуу клетканын (дикариондун) өөрчүшүнөн башталып, аскомицеттердин баштыгынын пайда болушуна окшойт. Базидия дикариоттук гифтин клеткасын бөлүп турган тосмонун капталындагы өсүндүдөн жетилет; дикариондун кош ядросу бөлүнүп, төрт ядро пайда болот. Клетка өзү да бөлүнөт, бир жуп ядро базидиянын эне­лик клеткасында калыптанат. Андан ары бул ядролор кошулат, диплоиддик ядро редукция жолу м-н бөлүнөт. Клетка чоюлуп, базидияны түзөт. Анын чокусунда өсүндүлөр - стеригма­лар пайда болот. Аларда базидиоспоралар жайгашат. Жетилген базидиоспоралар стеригмалар м-н бирге жакын аралыкка тарайт. Алар бор­поң, тыгыз булалуу, эттүү, кабык, туяк, түтүк, дүмүрчө ж-а калпакчалар түрүндө болот. Дене­нин спора кармаган бөлүгү гимений деп ата­лат. Алар кеңири таралган. Көбү өсүмдүк мите­си, айрымдары жыгачты, өсүмдүк илдетин коз­гойт; кээ биринен антибиотик алынат.