БАЗИЛИК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЗИЛИК (Осітит) - өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бадал же чала бадал. Тропик ж-а субтропик алкактарда 150гө жакын жапайы түрү кездешет. Мелүүн климат­туу аймакта эфир майын алуу үчүн айрым түрү өстүрүлөт. Грузия, Краснодар крайында эвгенол Б. тоют өсүмдүгү катары эгилет. Анда эфир ма­йы, эвгенол болот. Майы м-н эвгенол парфюмерия ж-а тамак-аш өнөржайында, ванилин препаратын чыгаруу үчүн медицинада колдону­лат. Б. катар аралыгы иштетилүүчү өсүмдүктөр сыяктуу айдалып, жерсемирткичтер м-н азык­тандырылат. Жашыл массасы чанагы сарга­йып, уругу быша баштаганда жыйналат. Огород Б. негизинен КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө өстүрүлүп, тамак-ашка татымал катары кондитер өнөржайында ж-а ликёр чыга­рууда пайдаланылат.