БАЙБИЧЕ-ТОО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЙБИЧЕТОО — Ички Теңиртоодогу тоо; Кара­тоонун уландысы. Орто Нарын ж-а Атбашы өрөөндөрүн бөлүп турат. Уз. 140 км, туурасы 13 км. Орт. бийикт. 3890 м, эң бийик жери 4337 м. Палеозойдун акиташ, сланец ж-а гранит тектеринен турат. Түзүлүшү б-ча горст-антиклиналь. Чыгыш тарабы кууш, коктулуу. Тоо­ну кесип өткөн антецедент капчыгайлары (Карабук, Актал, Учкун, Терек) бар. Кыры тайпак, мөңгү жок. Түн.-чыгыш капталдарынын айрым жерлеринде токой (карагай, бадал), колотторун­да субальп өсүмдүктөрү (3100-3300 м), түш. күнөстүү беттеринде бетеге, шыбак, доңузсырты өсөт. Малга жайлуу. Б. аркылуу Баетов кыш-нан Ортосыртка автомобиль жолу өтөт.