БАЙДУЛУ ТЕМИР КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЙДУЛУ ТЕМИР КЕНИ Нарын р-нунда, Нарын ш-нан 65 км түн. тарапта, Байдулу тоосу­нун түш. капталында, деңиз деңг. 3600-3900 м бийиктикте. 1931-ж. табылып, 1950-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагында палеозойдун чөкмөтектери ж-а татаал түзүлүштөгү габбро, перидотит дайкалары жатат. Кенташ (руда) тулкусу тектон. жаракалар м-н тилмеленген дайкалар ж-а акиташтеги­нин кошулган жериндеги карбонат-серпентин­дүү брекчияда топтолгон. Кен тилкесинин уз. 12 км ге чейин. Негизги минералдары: магнетит ж-а гематит, аз санда пирит, халькопирит, борнит кездешет. Темирдин кондициялык өлчөмү 30,48-53,48%. Запасы 210,7 млн т.