БАЙЖИЕВ Мар: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙЖИЕВ 1 Мар (23. 3. 1935-ж. т., Жалалабат обл., Жалалабат ш.) - жазуучу, драматург, кинодраматург, котормочу, Кыргыз ССРинин исквого эмг. сиң. ишмери (1981), Кыргыз эл жазуу-

чусу (1993). КМУнун филология ф-тинин орус тили ж-а ад-ты бөлүмүн (1960), Москвадагы киносценаристтердин Жогорку курсун (1964) бүтүргөн. Кыргыз ССР мад-т министрлигинин репертуардык коллегиясынын башкы редактору, 1971- 75-ж. «Литературная газетанын» өз кабарчысы, «Правда», «Комсомольская правда» гезиттеринин атайын кабарчысы болуп иштеген. Чыг-лык иши студенттик жылдарында эле башталып, чыгармалары 1956-жылдан жарык көргөн. Б. - кыргыз ж-а орус тилдеринде жазган билингивист жазуучу. «Кара курт» аттуу биринчи сатиралык аңгемелер жыйнагы 1961-ж. жарыкка чыккан. «Балдар бойго жеткенде» (1965), «Төрт адам» (1967), «Ар бир үйдө майрам» (1973), «Мезгил барактары» (1987), «Алтынчы күнү кечинде» (1987), «Кожожаш» эпосунун мотиви б-ча жазылган «Байыркы жомок» (1975), «Узак сапардагы поезд» (1991) аттуу пьесалардын ж-а «Мар Байжиев сахнада» (2006) аттуу китептин автору. «Чыйыр» (1966), «Башканын бактысы» (1969), «Менин алтын балыгым» (1976) ж. б. пьесалары ж-а «Кайрылып келүү» (1964), «Өгөй бакыт» аттуу аңгемелер ж-а повесттер жыйнагы орус, украин, өзбек тилинде чыккан. Анын «Эрөөл» (1966) пьесасы кыргыз драматургиясына өзгөчө жаңылык киргизген чыгарма болгон. Ал идеялык багыты учурдун духуна үндөшө жалпы адамзаттык гуманисттик прогрессивдүү тенденцияга көтөрүлүп, көркөм ойлоонун жаңыча формасы м-н профессионалдык сабаттуулукта жазылган. Пьеса мурунку СССРдин дээрлик бардык театрларында, Болгария, Венгрия, ГДР, Моңголия, Польша, Румыния, Чехословакия, Австрия, Швеция, Финляндия, Коста Рика ж. б. 200дөн ашык театр сахналарында коюлган. «Башканын бактысы» («Чужое счастье», 1978) аттуу киносценарийи б-ча «Өзбекфильм» тарабынан кинофильм тартылып, ал Ашхабадда өткөн эларалык фестивалда (1979) атайын сыйлыкка татыктуу болгон. Анын калеминен жаралган сценарийлердин негизинде «Ак илбирстин тукуму» (1985, реж. Т. Океев), «Алтын күз» (1980), «Нокдаун», «Нөшөр» (1980), «Жаңы жыл алдындагы түн», «Акыркы рейс» (1982) сыяктуу көркөм фильмдер тартылган. Б. III даражадагы Манас ордени м-н сыйланган (2004).