БАЙКАЛ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЙКАЛ , Б а й к ө л - Чыгыш Сибирдин түштүгүндөгү тузсуз көл; дүйнөдөгү эң терең көл. Бурят Республикасы м-н Иркут обл-нда. Аянты 31,7 миң км2. Уз. 636 км, орт. жазылы­гы 48 км. Тереңдиги 1640. Көлөмү 23,6 миң км3 (тузсуз суулардын дүйнөлүк за­пасынын 1/5ине жакыны) түзөт. Иркут ГЭСи­нин тосмосунун (плотинасынын) курулушунан

Байкал көлүн тегеренген темиржол.

көлдүн деңгээли бир аз жогорулаган. Деңиз деңг. бийикт. 456,3 м. Ири булуңдары - Баргуза, Чи­биркуй, Провал; колтуктары - Аяя ж-а Фро­лиха, жарым аралы - Ыйык Тумшук. 27 аралы бар (алардын бешөө мезгил-мезгили м-н суу астында калат), эң ириси - Ольхон (аянты 730 км 2дей). Тектон. кыймылдан пайда болгон; азыркы кезде да жертитирөөлөр тез-тез болуп турат, жээктеринин ж-а түбүнүн айрым жерле­ринин төмөндөп кетиши байкалат. Көлгө 336 дарыя куят; эң ирилери: Селенга, Баргуза, Жогорку Ангара ж-а Турка. Көлдөн Ангара д. агып чыгат. Январдан майга чейин тоңот. Б-дын аймагына жерг. шамалдардын татаал системасы мүнөздүү: Ольхон а-нын аймагында түн.-батыш­тан - сарма, түн.-чыгыштан - баргуза, түш.- батыштан - култук шамалдары согуп турат. Шамалдан пайда болуп, ары-бери сүрүлгөн тол­кундар 5 м ге чейин көтөрүлөт. Суунун темп-расы (үстүнкү катмарында) августта 9-12°С, жээгинде кээде 20°Сге чейин. Көлдүн суусу абдан тунук­тугу (40 м ге чейин; Ангаранын башын кошпо­гондо) м-н айырмаланат. Бул жерде өсүмдүктөр­дүн ж-а жаныбарлардын 1800дөй түрү бар, анын % эндемиктер (байкал нерпасы, букачар, тирүү туучу голомянка балыгы ж. б.). Тоолуу кооз жээктери ийне жалбырактуу токой м-н каптал­ган. Балык (омуль, хариус) кармалат. Кеме жүрөт. Жээгинен Слюдянка, Байкальск, Севе­ро-байкальск, Бабушкин ш., Байкал, Танхой, Выдрино, Усть-Баргуза, Нижнеангарск, Ху­жир ж. б. порттор м-н калктуу пункттар орун алган. Листвянка шаарчасында Россия ИАнын Сибирь бөлүмүнүн Лимнология ин-ту, Чоң Коты шаарчасында Иркут ин-тунун гидробиология станциясы иштейт. Б-дын түн.-чыгыш бөлүгү Баргуза коругуна кирет. Көлдүн ай­ланасы туризм, эсалуу үчүн мааниси зор. Антро­погендик таасирден Б-дын экол. абалы кыйла начарлаган; табигый комплексти калыбына келтирүү б-ча иликтөө иштери жүргүзүлүп жа­тат. Б. Бүткүл Дүйнөлүк мурас тизмесине кир­гизилген. Ад.: Берг Л. С. Байкал, его природа и значение в народном хозяйстве. М., 1978; Россолимо Л. Л. Байкал. М., 1966; Давыдова М. И., Раковская Ә. М., Тушинский Г. К. Физическая география СССР. Т. 2. Азиатская часть СССР. Современные проблемы физической географии. М., 1990; Грачёв М. А. О современном состоянии экологической системы озера Байкал. Новосиб., 2002. Ө. Бараталиев.