БАЙКУШ СЫМАЛДАР: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙКУШСЫМАЛДАР (Саргішііді Іөгшез) - филогенези үкү сымалдарга жакын куштар түркүмү. Тумшугу кыска, оозунун кыйыгы чоң. Күүгүмдө ж-а түнкүсүн активдүү. 93 түрү, 5 тукуму, а. и. гуахаро, алп чоң байкуштар ж-а кадимки байкуштар (козодойлор) белгилүү. Жумурткасын ургаачысы ж-а эркеги басат. Кадимки байкуштун канаты ж-а куйругу кыска, жүнү жумшак, түсү коргонуу кызматын аткарат. Учканда үн чыгарбайт. Көзү чоң. Бутакты бойлой конушат.

Анын 18 уруусу, 70 түрү кеңири таралган. Мээлүүн кеңдикте жашагандары - келгин куштар. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү кездешет. Кадимки байкуш чыгышта таралган, дене уз. 28 см ге чейин жетет. Токой четинде, кыйылган токойдо ж-а токойсуз ээн жерлерде жашайт. Жумурткасын жердеги чуңкурга тууйт. Балапандары калың тыбыт м-н капталган. Май коңузу м-н азыктанат.