БАЙЛАДИЛА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЙЛАДИЛА — Индиядагы темир кендүү ири аймак. Мадхья-Прадеш штатында. Байладила тоо тизмегинде, 1200-1250 м бийиктикте жогорку сорттогу темирдин (Ғе 65-69%) бир нече кени жайгашкан. Алардын ирилери: Байладила (жалпы запасы 1352 млн т), Жали-Ражхара (290 млн т), Ровгхат (237 млн т). 1958-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлүп, 1968-жылдан жер бети­нен ачык казылып алынат. Кендер антиклинал­дык зона м-н татаалданган синклиналдык структураларга топтолгон. Б. кенинде 150 м те­реңдикке чейин 14 кенташ кабаты ачылган. Алардын уз. 900-1500 м, калыңдыгы 30-60 м (чанда 150 м).