БАЙЛАНЫШ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙЛАНЫШ ф и л о с о ф и я д а - мейкиндикте ж-а мезгилде бөлүнүп жашаган көрүнүшгөрдүн өзара шартташы. Адамдын таанып-билүүсү нерселерге тикеден-тике тиешелүү болгон туруктуу байланыштарды ачып көрсөтүүдөн башталат. Ал эми илимдин негизи анын себеп, натыйжаларын талдоодон башталат, ал аркылуу мыйзамченемдүүлүктөрдү таап берүүгө мүмкүн болот. Таанып-билүүнүн тарыхында нерселердин ж-а көрүнүштөрдүн өзара жалпы Б. принциби диалектиканын негизги жоболорунун биринен, бирок 20-к-га чейин талкуунун негизги өзөгү өзалдынча Б. түшүнүгү же анын логикалык түзүлүшү тууралуу эмес, дал ошол өзара жалпы Б. принциби катарында болуп келген. Илим ички ж-а тышкы көрүнүш, зарылчылык ж-а кокустук, негизги ж-а негизги эмес деген өңдүү анын тар чөйрөсү м-н иш жүргүзүп келген. 19- 20-к-да коомдук, табигый илимдердин өнүгүшү м-н катар түшүнүк бир кыйла кеңейди. Б. Солтонбеков, Ж. К. Асанов.