БАЙЛАНЫШ КАБЕЛИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЙЛАНЫШ КАБЕЛИ - сигналдарды электр же оптикалык түрдө өткөрүүчү зым. Ал аркылуу телеграмма ж-а фототелеграмма, телефон аркылуу сүйлөшүүлөр, телекабар, статистикалык маалымат, телемех. системанын сигналдары берилет. Б. к. симметриялуу ж-а коаксиал­дуу конструкцияда; берилүүчү жыштык спект­ри б-ча - төмөнкү (10 кГц тен кичине) ж-а жогорку (10 кГц тен чоң) жыштыктагы; колдонуу тармагына жараша - алыскы (шаар аралык) ж-а жерг. кабель болуп, асма, жер ж-а суу астына орнотулат. Линиянын ток өткөрүүчү бөлү­гүнүн диаметри 0,3-1,6 мм жез зымдан жаса­лып, изоляцияланган зымдары экиден (бир тиз­мек) ж-а төрттөн (эки тизмек) чыйратылат. Симметриялуу Б. к-ндеги түгөйлөш зымдын саны 1-3600гө (тажрыйбалык керме 4800гө), коак­сиалдуу Б. к-нде 2-20га жетип, түгөйлөш ар бир керме б-ча 3600гө жакын телефондук сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.