БАЙЛАНЫШКАН СИСТЕМАЛАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙЛАНЫШКАН СИСТЕМАЛАР - эки же андан көп эркин даражага ээ термелүүчү системалар жыйындысы. Алар бири-бири м-н өзара аракеттенишет ж-а ар бири бирден эркин даражалуу болот. Мындай системага бир же бир нече термелүү контурлары кирет. Аларда бири-бири м-н байланыш болгондуктан, термелүү ж-а энергия бир контурдан экинчи контурга өтөт. Андагы байланыш жалгыз контурга салыштырмалуу резонанстык кубулуштун мүнөзүн өзгөртөт. Б. с-да качан сырткы таасирдин жыштыгы бүткүл системанын өздүк жыштыгынын бирине дал келгенде резонанс пайда болот. Мис., эки контурдан турган Б. с-да резонанс эки ар кандай жыштыкта пайда болот.