БАЙЛАНЫШ РЕАКЦИЯЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЙЛАНЫШ РЕАКЦИЯЛАРЫ - нерсенин мех. системанын чекитине аракет этүү м-н мех. бай­ланышты пайда кылуучу күчтөрү. Алар байла­нышка аракет этүүчү күч бар учурда карама­каршы күч катары (к. Ньютон закондору) пайда болот. Мис., темиржол рельси - вагондун кыймылын чектөөчү байланыш, ал эми рельс­тердин вагонго таасир этүүчү күчү Б. р. болуп эсептелет. Системага аракет кылган сырткы күчтөрдөн айырмаланып, Б. р-нын чоңдугу ж-а багыты алдынала белгисиз болот. Алар системадагы нерселердин өзара байланыш шарт­тарына, системага аракет кылган сырткы күч­төрдүн чоңдуктарына ж-а багыттарына, системанын кыймылынын законченемдүүлүктөрүнө ж. б. көзкаранды болот. Мис., тегиздиктин үс­түндө жаткан нерсе (1-чийме) сырткы Ғ күчүнүн аракетинен х - багыты б-ча кыймылдайт. Бул системадагы Б. р. кыймылдын багытына каршы пайда болгон сүрүлүү Ғс күчү ж-а нерсенин тактайдын бетине жасаган р басым күчү болуп эсептелет. 2-чиймеде тик тегиздиктеги жипке шарча илинген. Мында пайда болгон Б. р. - жип-

1 чииме 2-чийме теги шарчаны кармап туруучу чыңалуу Т - күчү ж-а жок тегиздиктин шарды түртүп турган N күчү. Б. р. байланышгын түрүнө көзкаранды бол­бостон, системага таасир эткен активдүү күчкө да көзкаранды. Анын багыты кээде байланыштын түрү м-н аныкталат. Жалпы учур үчүн динамика­нын маселелерин чыгарууда бошонуучулук прин­циби колдонулат, б. а. эркин эмес мех. система эркин деп каралат. Ал үчүн кыймылдын бардык учурунда байланыштын системага койгон шарты аткарылгандай тандалып алынган чекиттерине коюлат. Бул күчтөр Б. р. деп аталат.